“Дилим менен улукмун, тилим менен улутмун”
Б. Осмонов атындагы ЖАМУнун экономика-юридикалык колледжинин социалдык иш ПЦКсы тарабынан Кыргыз Республикасынын мамлекеттик тил мыйзамынын кабыл алынгандыгынын 35 жылдыгына карата СРк-01-23, СРк-2-22 жана СРк-2-23 тайпаларынын арасында “Дилим менен улукмун, тилим менен улутмун” аттуу маданий иш-чара өткөрүлдү. Студенттер эли - жерибизди, тилибизди даңазалаган ыр саптарын, обондуу ыр, бий, көркөм окуу, макал айтышып, өз өнөрлөрүн (комуз күүсү, Манас айтуу) көрсөтүштү. Иш-чаранын жыйынтыгында, тайпалардагы активдүү катышкан таланттуу студенттер колледждин Ардак грамотасы менен сыйланышты.