КУРГАК УЧУК ТУУРАЛУУ КӨБҮРӨК БИЛ
Жалал-Абад мамлекеттик университетинин медициналык пункту жана «Кызыл Ай Коому» тарабынан «Кургак учук тууралуу көбүрөк бил» темасында маалымат сессия өткөрүлдү.
Сессияга Кызыл ай коомунун кургак учукка каршы күрөшүү болүмүнүн адистери Аматов Бекболот Мамадалиевич жана Баратали уулу Тилек катышышты.
Кургак учук – бул кургак учуктун, аларды көбүнчө Коха таякчалары деп аталуучу, микобактериясы аркылуу келип чыгуучу жугуштуу оору. Оору адамдын организминде ушул микробдорунун көбөйүүсүнө жооп катары гана өнүгөт.
Кургак учукка кантип чалдыкса болот?
Кургак учуктун негизги булагы болуп, өпкөнүн кургак учугу менен ооруган адам болот. Дем жолдорунан, өзгөчө жөтөлгөндө, кургак учуктун микобактериясын камтыган какырык чыгат. Какырыктын майда тамчылары жанындагы дени соо адамдын дем жолдоруна түшүшү мүмкүн. Какырык жер төшөмдүн же жердин, заттардын жана киймдердин үстунө конушу мүмкүн. Инфекция адамдын организмине гигиена эрежелерин сактабоо кесепетинен түшүшү мүмкүн - мисалы, коомдук унаалардын туткасы менен болгон катнашуудан кийин кол жуулбаса же жуулбаган жер-жемиштер, начар тазаланган эт жана кайнатылбаган сүт менен тамактанса.
Кургак учук таякчалар менен дем алганда эмне болот?
Көп учурларда, эгерде адамдын иммундук системасы нормада болсо, кургак учук таякчалар менен дем алуу оорунун активдүү баскычына алып келбейт. Дем жолдоруна түшкөн микобактерияларга оору жаратуучу микроорганизмдин көп бөлүгүн жоготуучу жана өлтүрүүчү коргоочу клеткалардын бүтүндөй аскери бет алат. Бирок кээ бир микобактериялар аман калып жана көп убакытка чейин активдүү эмес бойдон калышы мүмкүн. Демек, оору жаратуучу организдин организмге "кол салуусу” натыйжасы жок калат. Бирок айлар жана жылдар дагы өткөн сайын, кандайдыр бир оорунун, жетишсиздик тамактануу же стресстин натыйжасында иммунитеттин алсызданышында, кургак учуктун бактериялары өзүнүн массасы менен кожоюн-клеткаларды жокко чыгаруу менен активдүү кургак учуктун өнүгүүсүнө жол салып, көбөйө башташат. Кээ бир учурларда инфекциянын организмге алгач түшкөн учурларында эле бактериялар, өпкө ткандарын оор зыянга учуратып, көбөйүшү мүмкүн. Бул өпкө кургак учугунун, инфекциянын кийинки жайылуунун булагы болуучу, активдүү учурлары.
Көпчүлүк учурларда оору жаратуучу бактериялар, өпкөгө түшүп, лимфа тамыры же кан агышы аркылуу бөйрөккө, сөөк жана муундарга, мээге ж.б. дене мүчүлүрүнө жылып кетиши мүмкүн. Организмдин жакшы коргоо күчтүүлүгүндө микобактериялар көп убакытка чейин активдүү эмес абалда кала берет, бирок организмдин начарлашында бул дененин мүчөлөрүндө кургак учук өнүгүшү мүмкүн.
Сиздин организмдин коргоо күчүн эмне төмөндөтө алат?
Эгерде дем жолдоруна абдан көп кургак учук микобактерия таякчаларынын саны кирсе, организм мындай кысымга туруштук бербей калышы мүмкүн. Эгерде сиз көп убакытта кургак учукка чалдыккан менен катышсаңыз, сиздин организм туруктуу чабуулга дуушар келет да, ал инфекцияга натыйжалуу туруштук бере албай калуучу мезгил келет.Организмде микобактериялардын өнүгүүшүнө жардам берүүчү башка факторлор да белгилүү:
· стресс - жан жана физикалык чыңалуунун күчөшү;
· алкоголду ченемсиз кабыл алуу;
· чылым чегүү;
· аз же толук эмес азыктануу;
· организмди алсыздандыруучу башка оорулар.
Балдар, өспүрүмдөр, кош бойлуу аялдар жана улгайып калган адамдар инфекцияга көбүрөөк туруксуз.
Оорудан кантип сактануу болот?
Кургак учукка чалдыкпаш үчүн ден соолукка пайдалуу жашоо мүнөз алып жүрүү керек. Чың ден соолук үчүн соо нерв системасы керек, ошондуктан стресстен качуу зарыл. Тамак толук болуп, сөзсүз жетишерлик сандагы белокторду камтыш керек. Ден соолукту сактоо үчүн зарыл шарт катары күнүмдүк ченемдүү физикалык күч келтирүү болуу керек. Чаң, шамалдаттырылбаган орун жайлар кургак учук бактериялардын жайылышына ылайыктуу шарт түзөт. Оорунун алдын алыш үчүн орун жайларды шамалдатып туруш керек.
Текшерүүнү кайдан өтсө болот?
Көкүрөктүн флюрографиялык текшерүүсүн жашаган жердеги бейтапканадан жасаса болот. Кургак учукка шектенүү болсо участоктук дарыгер же адис - дарыгер клиникалык кайра текшерүүдөн кийин кургак учукка каршы диспансерге же кургак учук кабинетке фтизиатрга консультацияга жиберет.
Ким кургак учукка тез-тез көрүнүп туруш керек?
Кургак учукка ар кандай себептер боюнча тез-тезден текшерилип турууга милдеттүү жарандардын жана кесиптердин бир нече аярлуу топтору бар.
Бир жылда эки жолу текшерүүдөн төмөнкүлөр өтүү керек:
· аскер кызматкерлери, аскер кызматына чакыруу менен өтүп жаткандар;
· төрөт үйүнүн (бөлүмүнүн) жумушчулары;
· тиричиликте жана кесип боюнча кургак учук инфекциясынын булактары менен тыгыз байланышта болгон адамдар;
· кургак учук мекеменин же бөлүмдүн диспансердик каттоосунан айыгууга байланыштуу алынгандар каттоодон чыккандан кийин биринчи 3 жыл бою;
· кургак учукка чалдыккандар жана өз алдынча айыгып кеткендер, бирок өпкөдө калдык өзгөрүүлөрү барлар калдык өзгөрүүлөрдү тапкан мезгилден баштап биринчи 3 жылы;
· ВИЧти жуктуруп алгандар;
· наркологиялык жана психиатриялык мекемелерде диспансердик каттодо тургандар;
· тергөө изоляторлордон жана түзөтүү мекемелерден бошогондор, бошогондон кийин биринчи эки жыл бою;
· тергөө абагындагы иш тергөөчөгүлөр, жана түзөтүү мекемедеги соттолгон адамдар.
Кургак учукка бир жылда сөзсүз текшерүүнү төмөнкүлөр өтүү керек:
· дем алуу органдарынын, ичеги-карын тракттын, сийдик-жыныс системанын өнөкөт спецификалык эмес дартына, кант диабетине чалдыккандар;
· кортикостероиддик, нурдуу жана цитостатикалык терапияны алып жаткандар;
· кургак учукка чалдыгуунун жогорку тобокел социалдык топторго тийиштүү адамдар: белгилүү жашаган жери жоктор, мигранттар, качкындар, стационардык социалдык тейлөө мекемелерде жана социалдык жардам мекемелерде жашап жаткан белгилүү жашаган жери жана жумушу жок аргасыз жер которгондор;
· балдар жана өспүрүмдөр үчүн: социалдык тейлөө, дарылоо-алдын алуу, санатордук-курорттук, билим берүү, ден соолукту жакшыртуучу жана спорт мекемелердин жумушчулары.
Мындан башка, индивидуалдуу (кезексиз) түрдө төмөнкүлөр текшерилет:
· кургак учукка чалдыгууга шектенүү менен медицианалык жардамга кайрылгандар;
· кош бойлуу аялдар жана жаңы төрөлгөн балдар менен бирге жашап тургандар;
· аскердик кызматка чакырылгандар жана контракт менен аскердик кызматка кирүүчүлөр;
· "ВИЧ-инфекция” диагнозу биринчи жолу коюлгандар.
Биздин өлкөбүздө көпчүлү адамдарда кургак учуктун таякчасы бар, бирок алардын ичинен 10%ы гана кургак учук менен ооруп калышы ыктымал.
Талкуунун жыйынтыгында студенттер тарабынан суроолор берилип модераторлор тарабынан жооп алышты.
Акыркы учурда кургак учук илдети көбөйүп кеткенине байланыштуу түшүндүрүү иштерин жүргүзүү зарыл көрдүк дейт медициналык пункттун дарыгери Н.Ибраимова