1. Башкы бет
  2. Тарбиялык ишмердүүлүк
  3. Медициналык пункт
  4. Жаңылыктар

10 месяцев назад

92

1

АЯЛДАРДЫН ЛИДЕРЛИГИ ЖАНА ГЕНДЕРДИК ЗОМБУЛУКТУН АЛДЫН АЛУУ

Б.Осмонов атындагы Жалал-Абад мамлекеттик университетинин медициналык пункту  жана «Каниет» реабилитациялык борбору тарабынан    “Аялдардын лидерлиги жана гендердик зомбулуктун алдын алуу” темасында тренинг-маалымат сессия өткөрүлдү.

Сессияга   врач акушер гинеколог Аттокурова Марсияна, Жалал-Абад ЖЖОНнин улук инспектору милициянын капитаны Кадырова Самара Эсенбаевна , Жалал-Абад ЖЖОНнин инспектору  Мавлянкулова Гулмира , Курманбек муниципалдык аймактык башкаруусунун жетекчиси  Алдосова Бактыгул жана Каниет реабилитациялык борборунун жетекчиси психолог Ташматова Назгуль катышышты.                                 

Талкууланган маселелер :

·        Кыздардын репродуктивдүү укуктары жана ден соолугу

·        Гендердик зомбулук жөнүндө негизги түшүнүк

·        Гендердик зомбулуктан  укуктарды коргоонун жергиликтүү механизмдери

·        Кыздар кризиси учурунда кайрыла турган байланыштар

·        Кантип лидерлик жөндөмүн жана өзүнө болгон ишенимди алууга болот

Талкуунун жыйынтыгында студенттер тарабынан суроолор берилип модераторлор тарабынан жооп алышты.

Акыркы учурда аялдардын  зомбулукка чалдыккан учуру көбөйүп кеткенине байланыштуу түшүндүрүү иштерин жүргүзүүнү зарыл көрдүк дейт    медициналык пункттун дарыгери Н.Ибраимова.