24-март-Бүткүл дүйнөлүк кургак учукка каршы күрөшүү күнүнө карата "Биз кургак учукту жеңебиз!" аталышында студенттер арасында иш чара болуп өттү
Кызыл Ай Коомунан келген адистер кургак учук жөнүндө маалымат берип, суроо жооп уюштуруп туура жооп берген студенттерге белектерин беришти.
Өпкө кургак учугунда (кургак учук) өпкөнүн микобактерия түшкөн ткандарында сезгенүү очогу пайда болуп, некрозго айланат. Андан кийин ал катуу кабык менен капталат да акырындап кальций туздары топтолот. Балдарда бул байкалбайт, рентген жасаганда гана билинет. Эгер организм начарлап кетсе процесс таралып кетиши ыктымал. Мында баланын эти ысып, жалпы абалы начарлап, жөтөлө баштайт. Чоң кишилерде да адегенде байкалбайт, бирок адамдын алы кетет, арыктайт, түнкүсүн тердейт. Андан кийин денеси ысып (37,2—37,4°), көп учурда чыйрыгат (анча катуу эмес), дайыма жөтөлөт, тамакка табити тартпайт, дем алганда капталы сайгылашып ооруйт, кан түкүрөт. Мына ушул белгилердин бирөө эле байкалар замат токтоосуз врачка кайрылуу зарыл. Тилекке каршы көпчүлүк адамдар ден соолугу начарлар замат, врачка кайрылышпайт.
Ар бир адам өзүнүн ден соолугуна өз убагында көнүл бөлүү зарыл дейт медициналык пункттун даарыгери Н.Ибраимова.