1. Башкы бет
  2. Тарбиялык ишмердүүлүк
  3. Медициналык пункт
  4. Жаңылыктар

3 месяца назад

77

Акча кетирбей тишти сактап калуунун сыры

Аруу тиш клиникасынын кызматкерлери жана Б.Осмонов атындагы ЖАМУнун медициналык пунктунун кызматкерлери тарабынан ЖАМУнун профессордук окутуучулук курамына жана студенттерине "тишти канти кантип сактап калууну" түшүндүрүп беришти.

-Тиштин анатомиясы: Боронов Медер Абдувахапович

-Тишке туура кам көрүү: Бекмаматов Акматбек Эркинбекович

-Тишке туура эмес кароодон келип чыккан оруулар жана өтүшүп кетүүсү: Турдуев Асылбек Таалайбекович

-Тиш дарыгерине барганда бейтап эмнелерге көнүл буруусу керек: Равшан уулу Бектур  

Тиш тамакты тиштөө жана майдалоо кызматын аткарат.Андан тышкары кишинин тиши сүйлөөгө да катышат. Кишинин алдыңкы жана үстүңкү жаагында 16дан тиш (4 кашка, 2 кылкыйма, 4 азуу, 6 акыл азуу) жайгашкан.

Тиштин өөрчүшү түйүлдүктүн баштапкы өөрчүү стадиясында башталып, 18—20 жашка чейин созулат. Сүт тиштер түйүлдүк 6—8 жумалык болгондо калыптанат. Ал эми туруктуу тиштер түйүлдүктүн 5-айынан, туруктуу чоң азуулар бала 6 ай чамасында, акыл азуу 3—4 жашында өөрчүй баштайт. Бул түйүлдүктүн жаагында орун жетишпегендиги менен түшүндүрүлөт. Баланын тишинин калыптанышына кош бойлуу аялдын жана баланын туура тамактануусу чоң мааниге ээ. Кош бойлуулардын, эмчектеги баланын туура эмес тамактануусу, ооруп начарлашы, витаминдин, айрыкча кальций жана фосфор туздарынын жетишсиздиги тиштин катуу тканынын калыптанышына терс таасир берип, тиш ооруларына бат чалдыгат.

Ден соолук сыры тиштен байкалат. Анткени бузулуп, түшө баштаган тиш күлгөндө, сүйлөгөндө адамдын жүзүн бузуп гана койбостон, көп оорулардын бар экендигинен кабар берет. Тиш ооруларынын арасында кеңири тараганы кариес менен парадонтоз. Аларга каршы туруунун эң биринчи жолу албетте кичинекей кезден баштап ооз көңдөйүн жана тишти убагында жууп туруу зарыл. Күнүгө эки маал эртең менен жана кечинде тамактануудан кийин тиш пастасы менен жууш керек.

Тишти тазалоонун туура жолдору кандай? Тиштин гигиенасын бузбай сакташ үчүн тиш щётканы үч айда бир алмаштырып туруу зарыл. Катуу щётка менен жууган алда канча пайдалуу. Жаңы алган щётканы кайнак сууга беш-он мүнөт салып туруп андан соң пайдаланыңыз.Ал эми паста менен жууганда ооздогу микробдор өлүш үчүн тиш щётканы жакшылап жууп, кургатыш керек. Андан да жакшы ыкма, тишти эртең менен кечинде ар башка щётка менен жууган жакшы. Анткени, бактерия суу щёткада өзүн мыкты сезип, суусу сарыгып кургагандан кийин гана өлөт. Ал эми щётка жүз пайыз 24 сааттан кийин гана кургайт.