1. Башкы бет
  2. Эл аралык ишкердүүлүк
  3. Жаңылыктар

2 недели назад

17

Түркия Элчисинин ЖАМУга болгон иш сапары

2025-жылдын 7-августунда Б. Осмонов атындагы Жалал-Абад мамлекеттик университетине төмөнкү курамдагы делегация келди:

  • Түркия Республикасынын Кыргыз Республикасындагы Өзгөчө жана Ыйгарым Укуктуу Элчиси — Мекин Мустафа Кемаль Окем.
  • Жалал-Абад шаарындагы ахыска түрктөрү коомунун төрагасы — Данияр Сулейманов.
  • Туран Язган атындагы институттун директорунун орун басары — Алымкул Умаров (котормочу).

Конокторду ЖАМУнун ректору — Усенов Кеңешбек Жумабекович жана административдик-чарба иштер боюнча проректору — Уметов Салмоор Садирбекович тосуп алды.

Жолугушуунун жүрүшүндө ректор университеттин түзүлүү тарыхы, жетишкендиктери жана өнүгүүнүн негизги багыттары жөнүндө бөлүшүп кетти. Элчи учурдагы кызматташууга кызыгуу билдирип, кандай кыйынчылыктар бар экенин жана аларды чечүүгө кандай жардам бере алары тууралуу сурады. Университеттин жетекчилиги түрк жогорку окуу жайлары менен, айрыкча кызматташуу боюнча келишимдер түзүлгөн окуу жайлар менен өнөктөштүктү жандандыруу пайдалуу болорун белгиледи.

ЖАМУ тараптан айтылган сунуштардын ичинде кызматташтыкты чыңдоо максатында түрк факультетин ачуу демилгеси болду. Ал агрономия, туризм, мейманкана иши сыяктуу жаңы багыттарды камтып, Түркиядан окутуучулар жиберилген учурда университет алардын иштөөсү жана билим берүү программаларын ишке ашыруусу үчүн бардык шарттарды түзүп бере турганын белгиледи.

Мындан тышкары, ректор бүгүнкү күндө эл аралык билим берүүнүн эң көп талап кылынган форматтарынын бири болуп эсептелген кош диплом программаларын өнүктүрүү мүмкүнчүлүгүн кароону сунуштады. Бул бүтүрүүчүлөргө эки өлкөнүн дипломун алууга шарт түзөт.

Элчи учурда аймактарды өнүктүрүүгө багытталган долбоорлорго өзгөчө көңүл бурулуп жатканын белгилеп, келечекте жарыялануучу сынактарга жана долбоорлорго университеттин катышуусуна колдоо көрсөтүүгө даяр экенин билдирди.

Жолугушуу жылуу жана конструктивдүү маанайда өтүп, тараптар билим берүү тармагындагы кыргыз–түрк кызматташтыгын кеңейтүүгө кызыкдар экенин ырасташты.