1-октябрь – Карылар күнү

Бул күнгө карата Социалдык иш ПЦКсынын окутуучулары — Анарбай кызы Айтбү, Наргиза Сатымкулова, Эрлан Молдомиров жана СРк-2-24, СРк-01-25 тайпаларынын студенттери менен биргеликте шаардагы жалгыз жашаган айымдын үйүнө барышты. Алар аны майрамы менен куттуктап, жылуу каалоо-тилектерин айтып, жакшы сөздөрүн арнашты. Ошондой эле чакан белек алып барып, көңүлүн көтөрүштү.
💛 Бул иш-чаранын натыйжасында студенттер улууларга болгон урмат-сыйдын, камкордуктун жана боорукерликтин маанисин терең түшүнүштү. Алар коомдогу муктаж адамдарга көңүл буруу, жардам көрсөтүү, мээрим тартуулоо сыяктуу баалуу сапаттарды үйрөнүп, социалдык жоопкерчиликти сезе билишти. Мындай иш-чаралар жаш муундун инсан катары калыптанышына чоң салым кошот.