Коопсуздук — ден соолуктун кепилдиги

2025-жылдын 25-сентябрында Экономика жана укук колледжинин Социалдык иш ПЦКсынын окутуучулары жана Кызыл Ай Коому менен биргеликте «Корголгон — демек, ден соолукта!» аттуу сынак болуп өттү.
Иш-чаранын негизги максаты — студенттер арасында ден-соолукту чыңдоонун маанисин, эмдөөнүн пайдасы тууралуу түшүнүктөрдү жайылтуу жана алдын алуу иш-чараларын кызыктуу форматта жеткирүү болду.
Иш-чараны ачып берүү үчүн Экономика жана укук колледжинин директору А.А. Ташматовага сөз сүйлөдү. Ал эми калыстар тобунун курамында Кызыл Ай коомунун өкүлдөрү Мирбек Эмилбекович жана Чолпон Абибова, ошондой эле колледждин математика мугалими Майрам Сулайманова болушту.
КВНге Социалдык иш ПЦКсынын студенттеринен түзүлгөн командалар 5 тапшырма боюнча катышышты:
Оюндун жүрүшүндө студенттер креативдүү көрүнүштөр, тамашалар жана маалыматтык бөлүктөр аркылуу эмдөөнүн ден-соолукка тийгизген оң таасири жөнүндө кызыктуу жана пайдалуу маалыматтарды сунушташты.
Жыйынтыгында жогорку көрсөткүч көрсөткөн командалар төмөнкүдөй орундарды ээледи:
1-орун — СРк-2-24 «Вакцина UNITED» командасы
2-орун — СРк-2-23 «Оорубайт» командасы
3-орун — СРк-01-25 «Бир ийне – миң шанс» командасы
Бардык жеңүүчүлөр жана катышуучулар кызыктуу жана баалуу белектер менен сыйланышты. Бул иш-чара студенттердин активдүүлүгүн арттырып, коомдук саламаттыкты сактоо боюнча маанилүү маалыматтарды кызыктуу жана пайдалуу форматта жеткирүүгө өбөлгө болду.