1. Башкы бет
  2. Колледждер
  3. Экономика жана укук колледжи
  4. Социалдык иш ПЦКсы
  5. Жаңылыктар

2 недели назад

19

«Эне тил – элдин руханий байлыгы

2025-жылдын 23-сентябрында СРк-2-24 тайпасында эне тил майрамына арналган куратордук саат өткөрүлдү. Иш-чараны тайпанын куратору Анарбай кызы Айтбу уюштуруп алып барды. Сабактын негизги максаты – студенттерге эне тилдин баалуулугун, кыргыз тилинин улуттук руханий мурас катары коомдогу ордун терең түшүндүрүү жана жаш муунду тилге болгон сый-урмат менен тарбиялоо болду.

Майрамдык куратордук саатка Экономика жана укук колледжинин директору Айнагул Акылбековна, ошондой эле социалдык иш ПЦКсынын башчысы Наргиза Надырбековна катышып, студенттерге өздөрүнүн жылуу каалоо-тилектерин айтышты. Алар жаштарды эне тилди таза сактап, мамлекеттик тилди ар тараптан өнүктүрүүгө активдүү салым кошууга чакырышты.

Иш-чаранын жүрүшүндө студенттер кыргыз акын-жазуучуларынын чыгармаларынан үзүндүлөрдү окуп, эне тил тууралуу чакан баяндамалар менен чыгышты. Ошондой эле поэзия кечеси уюштурулуп, ыр-күүлөр жаңырды. Көркөм окуулар, ыр саптары жана чыгармачылык көргөзмөлөр аркылуу кыргыз тилинин кооздугу, көркөм сөздүн күчү даңазаланды.

Куратордук сааттын соңунда Анарбай кызы Айтбу эне тилдин ыйыктыгы жана аны урматтоо ар бир кыргыз жаранынын милдети экенин белгилеп, студенттерге тилге болгон сүйүүсүн жана сыйын сөз менен эмес, иш жүзүндө да көрсөтүүгө үндөдү.

Бул иш-чара студенттердин эне тилге болгон мамилесин бекемдеп, мамлекеттик тилди барктап-урматтоого чоң салым кошту.