ЭЮКта Социалдык иш адистигинин бүтүрүүчү курсунун ата-энелер жыйыны болду

Үстүбүздөгү жылдын 20-июнь күнү ЭЮКта социалдык иш адистигинин бүтүрүүчү тайпаларынын ата-энелери жана студенттердин катышуусу менен жыйынтыктоочу жыйын өткөрүлдү. Жыйынга окуу бөлүмүнүн башчысы Т.Э,Уметов, ЭЮКтун директору э.и.д., профессор А.Б.Карбекова, окутуучулар, ата-энелер жана студенттер катышышты.
Иш чараны ЭЮКтун директору э.и.д., профессор Азиза Баймаматовна ачып, конокторго колледж жөнүндө кыскача маалымат берип, бүтүрүүчү студенттердин келечеги үчүн жогорку окуу жайга тапшырууга чакырып кетти.
Окуу бөлүмүнүн башчысы Т.Э.Уметов бүгүнкү иш-чарага келген ар бир ата-энеге өзүнүн ыраазычылыгын билдирип, бүтүрүүчү тайпанын студенттерине алдыда келе жаткан Мамлекеттик аттестациясына ийгиликтерди каалап өттү.
Бүтүрүүчү тайпанын кураторлору А.А.Ташматова жана Н.Н.Сатымкулова 2024-2025-окуу жылынын жыйынтыгын чыгарып, студенттердин окуу, окуу-уюштуруу, коомдук –тарбиялык иштери боюнча кенен маалымат берди. Ошондой эле дайыма колледж менен тыгыз байланышта болгон ата-энелер жамаатына жана мыкты бүтүрүүчүлөрүнө ыраазычылык билдирди.
Иш чаранын жүрүшүндө ата-энелер, бүтүрүүчүлөр тарабынан каалоо тилек жана сунуш-пикирлер айтылды. Иш чара таланттуу студенттер тарабынан даярдалган концерттик программа менен коштолду.