1. Башкы бет
  2. Колледждер
  3. Экономика-юридикалык колледж
  4. Социалдык иш ПЦКсы
  5. Жаңылыктар

3 недели назад

21

ЭЮКта “Практикалык көндүмдөрдү бышыктоо”

Үстүбүздөгү жылдын 3-курсунун 6-семестринде Срк 2-22, СРк 01-23 тайпаларына Калкты иш менен камсыздоо жана аны жөнгө салуу предметинен окутуучу А.А.Ташматова 48 саат өлчөмүндө курсту жыйынтыктоо максатында эки тайпанын жана окутуучулардын катышуусунда сабак өттү.

Курстун максаты: студенттердин иш менен камсыз кылуу жана аны жөнгө салуунун ыкмалары жөнүндө бирдиктүү теориялык жана практикалык көз карашын калыптандыруу болуп саналат. Дисциплинанын материалдарын өздөштүрүү социалдык иштер боюнча келечектеги адистерге жумушсуз жарандарга жардам жана колдоо көрсөтүүгө, жумушсуздук көйгөйүн чечүүгө катышууга мүмкүндүк берет.

Сабактын жүрүшүндө студенттер абдан активдүү катышып, өздөрүнө азыркы кесиптик заманбап ыкмаларды жана зарыл билимдерди, түшүнүктөрдү, маалыматтарды алышты.

Айрыкча “Практикалык көндүмдөрдү бышыктоо” максатында болгон сабак студенттердин зор кызыгуусун жаратты. Бул практикалык сабактан студенттер маалыматтык технологияларды сабактарда пайдалануу боюнча абдан зарыл болгон билимдерди, түшүнүктөрдү алышты. Электрондук окуу китептерин колдонуу, AVN боюнча берилген маалыматтар абдан баалуу болду. Жыйынтыгында студенттер практикалык сабактарды өткөргөн окутуучу А.А.Ташматовага терең ыраазычылыктарын билдиришип, сабак максатына жеткендигин белгилешти.