1. Башкы бет
  2. Колледждер
  3. Экономика-юридикалык колледж
  4. Социалдык иш ПЦКсы
  5. Жаңылыктар

3 месяца назад

65

ЭЮКтун cоциалдык иш ПЦКсында «Социум» ийриминин алкагында үй-бүлөнү социалдык жактан коргоо темасында дебат өткөрүлдү

ЭЮКтун cоциалдык иш ПЦКсынынын окутуучусу А.А,Ташматоватарабынан2025-жылдын 21-май күнү «Социум» ийриминин ишмердүүлүгүнүн алкагында 3-курс студенттеринин арасында «Үй-бүлөнү социалдык жактан коргоо – коомдун өнүгүүсүнүн негизги шарты» деген темада дебат уюштурулду.

Иш-чаранын негизги максаты – студенттердин үй-бүлөгө болгон социалдык мамилелер боюнча көз карашын өнүктүрүү, жарандык позициясын чыңдоо жана коомдук талкуу жүрүшүндө өз оюн эркин айтууга үйрөтүү болду.

Дебатта көтөрүлгөн негизги маселелер:

  • Мамлекеттин үй-бүлөгө болгон социалдык саясатынын орду;
  • Жарандардын үй-бүлөлүк баалуулуктарга болгон жоопкерчилиги;
  • Ата-эне жана балдар ортосундагы социалдык байланыштардын мааниси;
  • Үй-бүлөдөгү зомбулуктун алдын алуу боюнча коомдук механизмдер.

Иш-чарага cоциалдык иш багытында билим алып жаткан студенттер жана окутуучулар катышты. Дебат студенттердин активдүүлүгүн арттырып, келечектеги социалдык кызматкерлердин кесиптик ой-жүгүртүүсүн калыптандырууда маанилүү роль ойноду.