ЭЮКтун Социалдык иш ПЦКсынын студенттери практика өтөөчү мекемелерге жайгаштырылды.

Б. Осмонов атындагы Жалал-Абад мамлекеттик университетинин экономика-юридикалык колледжинин 2024-2025-окуу жылынын окуу графигине ылайык Социалдык иш ПЦКсынын 2-курсунун СРк-2-23 (9, 11) тайпасынын студенттери 2025-жылдын 7-апрелинен 19-апрелине чейин окуу-таанышуу практикасын өтөө үчүн белгиленген мекемелерге жайгаштырылды.
7-апрель күнү окуу жайдагы практика жетекчилери Н.Н. Сатымкулова, Д.Д. Давлатбекова жана Э.Т. Молдомиров студенттерди практика өтөөчү мекемелер менен тааныштыруу жана жайгаштыруу иштерин жүргүзүштү.
Эске салсак, окуу-таанышуу практикасынын максаты - окуу процессинде алган билимдерин бышыктоо, тереңдетүү, өркүндөтүү, көндүмдөрдү аткара билүү жана келечектеги адистиги боюнча жалпы түшүнүккө ээ болуу, ишканадагы реалдуу практикалык ишмердүүлүк менен таанышуу жана адис катары калыптанышына зарыл болгон маалыматтарды жыйноо болуп эсептелет.