1. Башкы бет
  2. Колледждер
  3. Экономика-юридикалык колледж
  4. Социалдык иш ПЦКсы
  5. Жаңылыктар

2 месяца назад

70

ЭЮКтун Социалдык иш ПЦКсы тарабынан “Энелердин жана ымыркай балдардын өлүмүнүн алдын-алуу жана азайтуу” темасында тегерек стол өткөрүлдү

2025-жылдын 18-февралында Б. Осмонов атындагы ЖАМУнун экономика-юридикалык колледжинин Социалдык иш адистигинин СРк-2-23 тайпасында КРнын Президентинин Жалал-Абад облусундагы ыйгарым өкүлүнүн аппараты тарабынан 2025-жылдын 5-февралында бекитилген Жалал-Абад облусу боюнча энелердин жана ымыркай балдардын өлүмүн алдын алуу жана боюнча иш-чараларды өткөрүү планын ишке ашыруу жана ал боюнча ЖАМУнун социалдык жана тарбиялык иштери боюнча проректорунун 2025-жылдын 11-февралындагы № 5 тескемесин аткаруу максатында Жалал-Абад областтык адамдын репродукциясы борборунун акушер-гинекологу Калича Джолдошбаевна Садырованын жана Социалдык иш ПЦКсынын окутуучулук курамынын катышуусунда “Энелердин жана ымыркай балдардын өлүмүнүн алдын-алуу жана азайтуу” темасында тегерек стол форматындагы конок лекция уюштурулду.

             Тегерек столдо студенттерге жаш энелердин жана балдардын өлүмүнүн деңгээли боюнча маалымат берилди, эне-бала ден-соолугун коргоо, келечектеги үй-бүлөлөрдө медициналык сабаттулукту өстүрүү маселелери боюнча талкуулар жүргүзүлдү.

Тегерек стол акырында студенттерге Калича Джолдошбаевна менен жеке баарлашуу үчүн мүмкүнчүлүк түзүлдү. Иш-чаранын жыйынтыгында К. Дж. Садыровага аталган тема боюнча конок лекция жана жолугушууну өткөрүүгө салым кошкондугу үчүн ыраазычылык кат берилди.