1. Башкы бет
  2. Колледждер
  3. Экономика-юридикалык колледж
  4. Социалдык иш ПЦКсы
  5. Жаңылыктар

2 месяца назад

56

“Практика - кесиптик компетенттүүлүктү калыптандыруучу маанилүү баскыч”

2025-жылдын 14-февраль күнү Б. Осмонов атындагы ЖАМУнун экономика-юридикалык колледжинин Социалдык иш ПЦКсында социалдык иш адистигинин 3-курсунун студенттеринин квалификациялык практикасын уюштуруу боюнча конференция өткөрүлдү. Конференцияга ЭЮКтун өндүрүштүк практика жана карьера жетекчиси Н. А. Айылчиева, Социалдык иш ПЦКсынын практика жетекчилери А. А. Ташматова, Н. Н. Сатымкулова, Д. Д. Давлатбекова жана Э. Т. Молдомиров, СРк-2-22 жана СРк-01-23 тайпаларынын студенттери катышышты.

2024-2025-окуу жылынын окуу графигине ылайык студенттер 2025-жылдын 17-февралынан 5-апрелине чейин квалификациялык практикага чыгышат. Конференцияда квалификациялык практиканын жобосу, максаттары, милдеттери, студенттер үчүн түзүлгөн жол карта менен тааныштырылып, күндөлүктү толтурууну жана отчетту туура  жазуунун жолдорун практика жетекчилери айтышты. Студенттер конференция учурунда практика жетекчилерине суроолорду берип жоопторду ала алышты.

Конференциянын акырында практика жетекчилери студенттерге практиканы өтөөдө ийгиликтерди каалап өтүштү.