ЭЮКта кезектеги өндүрүштүк практиканын жыйынтыктоо конференциясы

ЖАМУнун экономика-юридикалык колледжинин социалдык иш ПЦКсынын СРк 2-22, СРк 01-23 тайпаларына өндүрүштүк практиканн жыйынтыктоочу конференциясы болуп өттү. Конференцияга ЭЮКтун директору э.и.д., профессор А.Б.Карбекова, өндүрүштүк практика жана карьера жетекчиси Н.А.Айылчиева жана адистиктин практика жетекчилери А.А.Ташматова жана Н.Н.Сатымкуловалар катышышты.
Конференциянын өткөрүүнүн максаты:
Окуу жайдан алган теориялык билимди практика менен айкалыштыра алышат;
Практика учурунда техникалык жабдууларды колдонууну үйрөнүшөт;
Өндүрүштүк практикада өздөрүнүн кесибин канчалык деңгээлде жоопкерчиликтүү экендигин түшүнүп жетишет;
Жалал-Абад шаардык эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция башкармалыгынын структуралары, функциялары менен таанышышат. Ошондой эле жол картанын негизинде өндүрүштүк практикасын өтөөшөт.
Практика учурунда кесиптик компетенцияларды калыптандыруу.
Студенттердин практика өтөө боюнча отчеттору угулуп, алардын ичинен өзгөчөлөнүп окуу-илимий иштерди жасап келген студенттер да болду. Мындан сырткары кээ бир студенттер практика учурунда өзүнүн мыкты сапаттарын көрсөтүп, берилген тапшырмаларды эң жогорку деңгээлде аткаргандыгы үчүн ыраазычылык катка ээ болушкан.
Жыйынтыгында студенттер өндүрүштүк практикасы боюнча бааланып, конференция өз максатына жетти.