1. Башкы бет
  2. Колледждер
  3. Экономика жана укук колледжи
  4. Экономика ПЦКсы
  5. Жаңылыктар

2 недели назад

37

“Байлыктын башы-эне тил”

Б.Осмонов атындагы ЖАМУнун Экономика жана укук  колледжинин Экономика ПЦКсынын окутуучулары  А. Айдарбекова,З.Ахмедова тарабынан 23-сентябрь Кыргыз Республикасынын мамлекеттик тил күнүнө  карата “Байлыктын башы-эне тил” темасында БЭк-2-23 тайпасы концерттик иш-чара   өткөрүштү. Иш-чарага Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу мамлекеттик тил саясаты боюнча улуттук комиссиянын башкы адиси Шамшибек кызы Назгүл, ЖАМУнун мамлекеттик тил бөлүмүнүн башкы адиси Кайкиева Үлпат Тагайбековна жана Экономика жана укук колледжинин директору Ташматова Айнагул Акылбековна ошондой эле башка коноктор катышышты.Концерттик иш-чара жогорку деңгээлде өтүп,аягында конокторго сөз берилди. Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу мамлекеттик тил саясаты боюнча улуттук комиссиянын башкы адиси Шамшибек кызы Назгүл студенттерге Мекенди сүйүүгө жана патриот болууга чакырды.    Иш-чаранын аягында Экономика ПЦКсынын атынан Шамшибек кызы Назгүлгө ыраазычылык кат берилди.