Кесиптер парады

Б. Осмонов атындагы Жалал-Абад мамлекеттик университетинде профориентациялык иштерди уюштуруунун алкагында Кесиптер парадына арналган иш-чара болуп өттү. Иш-чаранын негизги максаты — мектеп бүтүрүүчүлөрүнө кесиптик багыт берүү жана аларды окуу жайдагы адистиктер менен тааныштыруу болду.
Бул иш-чарага Экономика-юридикалык колледжинин студенттери активдүү катышып, өзгөчөлөнгөн даярдыгын көрсөтүштү. Атап айтканда, Экономика адистигинин төмөнкү багыттары өзгөчөлөнүп чыгышты:
– Каржы (тармактары боюнча),
– Экономика жана бухгалтердик эсеп (тармактары боюнча),
– Салык жана салык салуу.
Ар бир адистик өзүнүн артыкчылыктарын кеңири чагылдырган стенддерди, жана маалыматтык материалдарды даярдап чыгышты. Студенттер келген конокторго адистик тууралуу кеңири маалымат берип, кызыктуу фактылар менен бөлүшүп, атайын буклеттерди таратышты.
Иш-чара көрүүчүлөр арасында чоң таасир калтырып, абитуриенттердин кесипке болгон кызыгуусун арттырды. Окуу жайдын мындай аракеттери жаштардын туура кесип тандоосуна өбөлгө түзүп, келечекке болгон ишенимин бекемдейт.