«ДосКредо Банктын» конок лекциясы: маркетинг жана каржылык отчеттуулук боюнча практикалык көз караш

Экономико-юридикалык колледждин экономика ПЦКсынын үчүнчү курсунун студенттеринин жумуш ордунда окутуунун алкагында окуу жайга «ДосКредо Банктын» өкүлдөрү — Казаков Таалайбек Казакович, операциялык бөлүмдүн башчысы жана Сайпидин кызы Мээрим, карталарды тейлөө боюнча адис конок лекция менен келишти. Алар банк тармагындагы баалуу билимин жана практикалык тажрыйбасын бөлүшүштү.
Лекция жандуу жана кызыктуу атмосферада өтүп, студенттер үчүн пайдалуу жана мазмундуу болду. Иш-чаранын темасы — «Банк тармагын рынок экономикасында татыктуу орунга ээ кылууда маркетингдин ролу жана каржылык отчеттуулукту башкаруу» — заманбап банктардын натыйжалуу иштөөсүн камсыз кылган негизги аспекттердин бири катары көрсөтүлдү.
Банк өкүлдөрү маркетингдин банктарга катаал атаандаштык шарттарында өз ордун сактап калууга жана ийгиликке жетүүгө кандайча жардам берерин жөнөкөй жана реалдуу мисалдар менен түшүндүрүштү. Банк имиджин түзүү, кардарларды тартуу жана алардын берилгендигин сактоо үчүн колдонулган заманбап маркетинг стратегиялары талкууланды.
Каржылык отчеттуулук маселеси өзүнчө көңүл борборунда болду. Студенттер каржылык көрсөткүчтөрдү талдоо, отчетторду түзүү жана алардын башкаруучулук чечимдерди кабыл алууда кандай мааниге ээ экени тууралуу практикалык маалымат алышты.
«Мен мурда маркетингди жөн гана жарнама катары элестетчүмүн. Эми болсо бул — банкты стратегиялык башкаруунун күчтүү куралы экенин түшүндүм», — деди ФК-01-23 тайпасынын студенти Төлөнова Майя.
«Реалдуу мисалдарды угуп, банктын иши кантип жүрөрүн ичинен көрүү абдан кызыктуу болду», — деп белгиледи БЭк-2-22 тайпасынын студенти Абдыманапов Абдиазам.
Бул иш-чара теория менен практиканын айкалышкан ачык мисалы болду. Студенттер суроолорду берип, кесипкөйлөрдөн кеңештерди алып, колледжде алган билимдерин реалдуу иш процесстерде кантип колдонууга болорун көрө алышты.
«ДосКредо Банктын» кызматкерлерине келечектеги экономисттердин кесиптик өнүгүүсүнө кошкон салымы жана жемиштүү кызматташтыгы үчүн ыраазычылык билдиребиз! Мындай жолугушуулар жакшы салтка айланып, студенттерди кесибин кызыгуу жана шыктануу менен үйрөнүүгө шыктандырат деген ишеничтебиз.