Каржылык сабаттуулук жана карьера

Март айы иш берүүчүлөр жана бүтүрүүчүлөр менен иштөө айы болуп жарыялангандыгына байланыштуу Б. Осмонов атындагы Экономика-юридикалык колледжинин экономика ПЦКсынын окутуучулары – А. Калмурзаева жана Э. Кадырова Каржы (тармактары боюнча) адистигинин студенттери үчүн каржы тармагынын адиси менен маанилүү жолугушуу уюштурушту.
Иш-чаранын коногу Кыргыз Республикасынын Каржы министрлигинин Жалал-Абад каржы башкармалыгынын казначылык бөлүмүнүн башчысы – Сартбаев Айбек Равшанбекович жана Жалал-Абад шаарындагы ишканалар боюнча куратор Камалов Байгазы Шавкатиллаевич болду. Жолугушууда студенттер мамлекеттик каржы органындагы иш жүзүндө жүргүзүлүп жаткан иштер, тажрыйба менен таанышууга, өздөрүн кызыктырган суроолорду берүү мүмкүнчүлүгүнө ээ болушту.
Иш-чаранын жүрүшүндө Айбек Равшанбекович казынанын негизги функциялары жана милдеттери, каржылык жөнгө салуунун өзгөчөлүктөрү жана бюджеттик агымдарды башкаруу тууралуу айтып берди. Ал келечектеги адистердин кесиптик даярдыгынын маанилүүлүгүн баса белгилеп, каржы тармагындагы иш тажрыйбасы менен бөлүштү. Ошондой эле, Айбек Равшанбекович Кыргыз Республикасынын Бюджеттик кодексинин маанисин баса белгилеп, кеңири маалымат берди.
Студенттер талкууга активдүү катышып, мамлекеттик түзүмдөрдө ишке орношуу мүмкүнчүлүктөрү, карьералык өсүү перспективалары жана экономика адистигинин бүтүрүүчүлөрүнө коюлган талаптар боюнча суроолорду беришти. Талкуу учурунда кесиптик өнүгүүнүн, үзгүлтүксүз билим алуунун жана каржы тармагында практикалык көндүмдөрдү өздөштүрүүнүн маанилүүлүгүнө басым жасалды.
Мындай жолугушуулар билим берүү процессинин ажырагыс бөлүгү болуп саналат, анткени алар студенттерге келечектеги кесибине жакшыраак багыт алууга, потенциалдуу иш берүүчүлөр менен байланыш түзүүгө жана эксперттерден пайдалуу сунуштарды алууга жардам берет. Иш-чаранын уюштуруучулары Айбек Равшанбековичке бөлгөн убактысы жана баалуу билими үчүн ыраазычылык билдиришсе, студенттер каржы тармагынын өкүлү менен баарлашуу мүмкүнчүлүгүнө ээ болушту.
Мындай иш-чараларды өткөрүү билим берүү мекемелери менен иш берүүчүлөрдүн байланышын чыңдоого өбөлгө түзүп, бүтүрүүчүлөрдүн даярдык деңгээлин жогорулатуу менен аларды эмгек рыногунда атаандаштыкка жөндөмдүү кылат.