1. Home
  2. Institutes
  3. Pedagogical Institute named after E. Umetov
  4. Mathematics and mathematical modeling
  5. News

5 days ago

11

КЕСИПТИК-ПРОФИЛДИК ПРАКТИКАНЫН АЛКАГЫНДА ӨТКӨРҮЛГӨН КЛАССТАН ТЫШКАРКЫ ИШ-ЧАРА

“Б. Осмонов атындагы Жалал-Абад мамлекеттик университети” илимий билим берүү өндүрүштүк комплексинин Э. Уметов атындагы Педагогикалык институтунун «Математика жана математикалык моделдештирүү» кафедрасынын 550200 «Физика-математикалык билим берүү» багытынын Математика профилинин студенттери базалык мектептерде кесиптик-профилдик практикадан өтүп жатышат. Дуалдык окутуу тутумун ишке ашыруу жана келечекте аталган билим берүү мекемесине жумушка орношуу максатында, практикант Атабекова Мухлиса Базар-Коргон шаарындагы №3 Бабур атындагы жалпы орто билим берүү мектебинде кесиптик-профилдик практикасын өтөөдө. Практика мезгилинде ал окуучулар үчүн класстан тышкаркы иш-чара уюштуруп, 5-класстын окуучуларынын арасында «Акыл ордо» интеллектуалдык таймашын өткөрдү. Беш этаптан турган бул мелдеш окуучулардын логикалык жана алгоритмдик ой жүгүртүүсүн өстүрүүгө, санариптик ресурстарды туура колдонууга, шамдагайлыкка, тапкычтыкка жана математикалык сабаттуулугун текшерүүгө багытталды. Интеллектуалдык оюнга окуучулар чоң кызыгуу менен катышып, өздөрүнүн активдүүлүгүн көрсөтө алышты. Иш-чарага кафедранын методисти жана практика жетекчиси М. Нурматова катышып, Мухлисанын уюштуруучулук жөндөмүнө жана педагогикалык эмгегине оң, конструктивдүү баасын берди. Таймаштын жыйынтыгында өзгөчөлөнгөн окуучуларга «Билерман», «Акылман» жана «Зээндүү» номинациялары боюнча дипломдор тапшырылды.