1. Главная
  2. Институты
  3. Аграрно-технический институт
  4. Новости

7 часов назад

25

BAS IT FEST – 2026: студенттик IT таймаш өткөрүлдү

2026-жылдын 23-майында Агрардык-техникалык институтуна караштуу Башкаруунун автоматташтырылган системасы (БАС) кафедрасы тарабынан “BAS IT FEST – 2026” аттуу студенттик IT конкурс уюштурулуп өткөрүлдү. Аталган иш-чара БАС кафедрасынын башчысы, п.и.к., доцент Ажыкулов Сапарбек Мажитовичтин демилгеси менен уюштурулуп, кафедрада салтка айланган IT багытындагы иш-чаралардын бири катары өткөрүлдү.

Конкурстун негизги максаты студенттердин маалыматтык технологиялар тармагындагы билимдерин жана практикалык көндүмдөрүн өнүктүрүү, чыгармачылык мүмкүнчүлүктөрүн колдоо жана заманбап IT технологияларга болгон кызыгуусун арттыруу болуп саналат. Таймаш робототехника, программалоо, веб-иштеп чыгуу (web development), графикалык дизайн, 3D моделдөө жана IT тармагынын башка заманбап багыттары боюнча өткөрүлдү. Иш-чарага 10дон ашык студент катышып, алардын арасында Жалал-Абад колледжинин студенттери да өз күчтөрүн сынашты.

Катышуучулар тарабынан кызыктуу долбоорлор жана инновациялык идеялар сунушталып, алардын чыгармачылык жана техникалык даярдыгы атайын комиссия тарабынан бааланды. Жыйынтыгында мыкты көрсөткүчтөргө жетишкен катышуучулар аныкталып, байгелүү орундар ыйгарылды.

Сыйлоо аземинде жеңүүчүлөргө дипломдор жана грамоталар тапшырылды. Сыйлыктарды БАС кафедрасынын башчысы, п.и.к., доцент Ажыкулов Сапарбек Мажитович жана Агрардык-техникалык институтунун директору, т.и.д., профессор Карбекова Азиза Баймаматовна тапшырышты. “BAS IT FEST – 2026” конкурсу студенттердин кесиптик өнүгүүсүнө өбөлгө түзүп, алардын IT тармагындагы жөндөмдөрүн өркүндөтүүгө жана жаңы идеяларды ишке ашырууга кеңири мүмкүнчүлүк жаратты.