1. Главная
  2. Колледжи
  3. Колледж экономики и права
  4. Новости

43 минуты назад

6

«Кыргыз АССРинин түзүлгөндүгүнүн 100 жылдыгы

Кыргыз АССРинин түзүлгөндүгүнүн 100 жылдыгына жана Ата-бабаларды эскерүү күнүнө карата, Илим айынын алкагында «Кыргыз АССРинин 100 жылдыгы: мамлекеттүүлүктүн тарыхый эволюциясы, тарыхый эс тутум жана заманбап илимий изилдөөлөр» аттуу илимий-практикалык конференция 2026-жылдын 10-ноябрында өттү.

Конференцияга Экономика жана укук колледжинин директору э.и.к.,доценттин м.а. Жороева А.М. Илимий иштер жана инновациялар боюнча жооптуу Айылчиева Н.А. ЖББ ПЦКнын илимий иштер жооптуу Жороева А.Э. Жалпы билим берүү ПЦКсынын окутуучулары жана Амиракулова З.О. Кыргыз АССРнин түзүлүшү: Кыргыз мамлекеттүүлүгүнүн өнүгүшүндөгү тарыхый-укуктук этап темасында доклад окууду. Катышуучулар кыргыз мамлекеттүүлүгүнүн калыптануу жана өнүгүү этаптары, тарыхый эс тутумду сактоонун мааниси жана бул чөйрөдөгү заманбап илимий изилдөөлөрдүн жыйынтыктары тууралуу маалымат алышты.

Мындай иш-чаралар педагогдордун илимий потенциалын жогорулатууга, жаштарда өз өлкөсүнүн тарыхына болгон урмат-сыйды тарбиялоого жана мамлекеттин өткөнүн тереңирээк изилдөөгө өбөлгө түзөт.