1. Главная
  2. Колледжи
  3. Колледж экономики и права
  4. Новости

4 часа назад

17

«Мамлекеттүүлүктү түптөгөн аталар – биздин сыймыгыбыз» 

Б.Осмонов атындагы Жалал-Абад мамлекеттик университетинин Экономика жана укук колледжинде 7–8-ноябрь – Тарых жана ата-бабаларды эскерүү күнүнө карата «Мамлекеттүүлүктү түптөгөн аталар – биздин сыймыгыбыз» аттуу эссе сынагы уюштурулду.

Сынакка Экономика жана укук колледжинин 1- 2- 3-курстарынан 16 тайпадан жалпы 30 студент катышты. Катышуучулар өз эсселеринде кыргыз мамлекеттүүлүгүнүн түптөлүшү, тарыхый инсандардын мамлекеттин өнүгүшүнө кошкон салымы, ата-бабалардын эрдиги жана улуттук баалуулуктардын мааниси тууралуу ой-толгоолорун билдиришти.

Сынактын жыйынтыгында төмөнкү студенттер байгелүү орундарга ээ болушту:

1-орун – Абдурахманова Гулнура БЭк-2-24 тайпасы

2-орун – Абдыгапарова Алтынай УТк-11-26 тайпасы

3-орун – Бекташева Раяна УТк-8-26 тайпасы

Сынак студенттердин тарыхый аң-сезимин калыптандырууга, өз элинин тарыхын терең билүүгө жана мекенчилдик сезимин бекемдөөгө өбөлгө түздү.

Уюштуруучулар: ЖББ ПЦКсынын кыргыз тили жана адабияты окутуучулары