1. Главная
  2. Колледжи
  3. Колледж экономики и права
  4. Новости

4 часа назад

11

«Химия дүйнөсүнө саякат: билим, изденүү жана чыгармачылык»

ЖАМУнун Экономикалык жана юридикалык колледжинин СРК-2 тайпасынын студенттери менен химия сабагында топтук иш уюштурулду.

Студенттер чакан топторго бөлүнүп, берилген тапшырмаларды биргеликте аткарышты. Сабактын жүрүшүндө өз ойлорун ортого салып, талкуу жүргүзүп, билимдерин жана чыгармачылык жөндөмдөрүн көрсөтүштү.

Мындай интерактивдүү усулдар студенттердин өз алдынча ой жүгүртүүсүн, изденүүсүн жана командада иштөө жөндөмүн өнүктүрүүгө багытталган.

Биздин максат — билим берүү менен чектелбестен, ар бир студенттин мүмкүнчүлүгүн ачуу жана илимге болгон кызыгуусун ойготуу!

Окутуучу: Жангүл Бактыбек кызы.