1. Главная
  2. Колледжи
  3. Колледж экономики и права
  4. Новости

2 часа назад

8

«Тарыхты билүү – өткөндү урматтоо, келечекти барктоо» деген темада куратордук саат өткөрүлдү

7–8-ноябрь – Тарых жана ата-бабаларды эскерүү күнүнө карата Экономика жана укук колледжинин БЭк-3-26 тайпасынын студенттери үчүн куратор Жороева Алтынай Эрмекбаевнанын жетекчилиги алдында «Тарыхты билүү – өткөндү урматтоо, келечекти барктоо» аттуу куратордук саат өткөрүлдү.

Иш-чаранын негизги максаты – жаш муунга кыргыз элинин тарыхын терең таанытуу, ата-бабалардын басып өткөн жолун, эрдигин жана мурасын урматтоого тарбиялоо, тарыхый эс тутумду сактоо жана мекенчилдик сезимин калыптандыруу болду.

Иш-чаранын соңунда Экономика жана укук колледжинин мамлекеттик тил, социалдык жана тарбия иштери боюнча директордун орун басары М.С. Базарбаева сөз сүйлөп, тарыхты билүүнүн, ата-бабалардын мурасын урматтоонун жана улуттук баалуулуктарды сактоонун маанилүүлүгүн белгиледи. Ошондой эле студенттерди өз элинин тарыхын билүүгө, мекенин сүйүүгө жана келечек муундарга тарыхый мурастарды жеткирүүгө чакырды.

          Куратордук сааттын алкагында студенттер Жалал-Абад мамлекеттик университетинин (ЖАМУ) музейине барышты. Музейдин башчысы Райимкулова Гульнара Абдыманаповна студенттерди музейдеги тарыхый экспонаттар, баалуу материалдар жана тарыхый мурастар менен тааныштырып, алардын мааниси тууралуу кеңири маалымат берди. Музейге болгон экскурсия студенттердин тарыхка болгон кызыгуусун арттырып, өткөн муундардын өмүр жолу, эмгеги жана тарыхый окуялар тууралуу тереңирээк түшүнүк алуусуна шарт түздү.

Тарых – элдин эс тутуму, ата-бабалардын мурасы – келечек муундун байлыгы!

БЭк-3-26 тайпасынын куратору: Жороева Алтынай Эрмекбаевна