1. Главная
  2. Колледжи
  3. Колледж экономики и права
  4. Новости

8 часов назад

27

Ноябрь – илим айынын алкагында, туруктуу өнүгүү максаттарын ишке ашыруу багытында Экономика жана укук колледжинин Экономика ПЦКсында кезектеги конок лекция уюштурулду

2026-жылдын 26-октябрында окутуучу М.О. Ажибеков тарабынан ССк-2-24 тайпасынын студенттерине «Салыктык администрациялоо системасындагы салыктык көзөмөл» темасында конок лекция уюштурулду. Иш-чарага экономика илимдеринин доктору, профессор А.К. Карабекова катышып, салыктык көзөмөлдүн өзгөчөлүктөрү, салыктык текшерүүлөр жана Кыргыз Республикасындагы салыктык администрациялоонун заманбап механизмдери боюнча баалуу маалыматтары менен бөлүштү.

Конок лекция студенттердин кесиптик билимдерин тереңдетүүгө, теориялык билимдерин практикалык тажрыйба менен айкалыштырууга багытталды.

Иш-чара ТӨМдүн 4-максаты – «Сапаттуу билим берүү», 8-максаты – «Татыктуу эмгек жана экономикалык өсүш» жана 16-максаты – «Тынчтык, адилеттүүлүк жана натыйжалуу институттар» менен шайкеш келип, кесипкөй, жоопкерчиликтүү жана атаандаштыкка жөндөмдүү адистерди даярдоого өбөлгө түздү.