1. Главная
  2. Колледжи
  3. Медицинский колледж
  4. ПЦК Гуманитарных и естественно-математических дисциплин
  5. Новости

3 дня назад

9

Ж.АБДРАХМАНОВ - КЫРГЫЗ МАМЛЕКЕТТҮҮЛҮГҮНҮН ПАЙДУБАЛЫН ТҮПТӨГӨН УЛУУ ИНСАН ЖАНА МЕКЕНЧИЛДИКТИН ҮЛГҮСҮ

Фарм-1-26 жана СД-1-2-26 тайпаларынын студенттеринин катышуусунда кыргыз элинин тарыхында өчпөс из калтырган, Кыргызстандын эгемендүүлүгү үчүн жан үрөп күрөшкөн улуу мамлекеттик ишмер, чыгаан саясатчы, улутман инсан Жусуп Абдрахмановдун жаркын элесине арналган ачык тарбиялык иш-чара өткөрүлдү.Иш-чаранын жүрүшүндө студенттер тарых барактарына кайрылып, Жусуп Абдрахмановдун өмүр жолу, мамлекеттик ишмердүүлүгү, кыргыз мамлекеттүүлүгүн түптөөдөгү орду жана эли үчүн жасаган тарыхый эмгектери тууралуу кеңири маалымат алышты.Ошондой эле улуу инсандын мекенчилдиги, кайраттуулугу, элинин келечеги үчүн жасаган эрдиктери жаш муундарга үлгү катары белгиленди. Студенттердин аткаруусундагы баяндамалар жана тарыхый маалыматтар иш-чаранын мазмунун байытып, катышуучуларга терең таасир калтырды.Аталган иш-чараны окутуучулар А. Ормогоева, А. Алимова жана Ж. Осорова уюштуруп, жаштардын тарыхый аң-сезимин калыптандырууга, мекенчилдик сезимин жогорулатууга жана улуттук баалуулуктарды урматтоого багытталган маанилүү тарбиялык иштерди жүргүзүштү.