1. Главная
  2. Колледжи
  3. Медицинский колледж
  4. ЦК Сестринское дело ,
  5. Новости

3 дня назад

7

КӨЗ КАРАНДЫСЫЗДЫКТЫН БАШАТЫ: МАМЛЕКЕТТҮҮЛҮКТҮ ТҮПТӨГӨН УЛУУ АТАЛАР

Ар бир улуттун тарыхында көптөгөн жеңиштер менен бирге кайгы муңдан аккан көз жаш дагы жок эмес. Тарыхы жок улут болбойт. Анткени улут ата- тегинен дем - күч алат.

Кыргызстандын азаттыгы үчүн талыкпастан эмгектенген тарыхый инсанда эч качан унутулбайт. Кыргыз элинин жаштары тарыхын жакшы билип, ата- бабаларын тааныган сайын келечекке карай кадамды бекем таштап, Кыргызстандын көз карандысыз жана баардык жактан өнүккөн өлкө болушу үчүн талыкпастан эмгектенишет. Ошол максатта Медициналык колледждин медициналык айым иши адистигинде тарыхый инсандарды эскерүү тарбиялык сааты өткөрүлдү.