1. Главная
  2. Колледжи
  3. Медицинский колледж
  4. Новости

10 часов назад

11

МЕДИЦИНАЛЫК КОЛЛЕДЖДИН СТУДЕНТТЕРИ ЖАНА БҮТҮРҮҮЧҮЛӨРҮ ҮЧҮН КАРЬЕРАЛЫК ӨСҮҮ БАГЫТЫНДА ЖАҢЫ МҮМКҮНЧҮЛҮКТӨР АЧЫЛДЫ

Үстүбүздөгү жылдын 31-октябрь күнү «Gaudeamus» – Медициналык кызматкерлерди коштоо жана карьералык өсүү борборунун уюштуруусу менен медициналык колледждин акыркы курсунун студенттери жана бүтүрүүчүлөрү үчүн маанилүү маалыматтык жолугушуу болуп өттү.

Иш-чаранын башкы максаты – орто медициналык билимге ээ болуп жаткан жаш адистерге кесиптик квалификациясын жогорулатуу, билимин үзгүлтүксүз улантуу жана эмгек рыногунда карьералык өсүшкө жетишүү жолдорун тааныштыруу.

Жолугушуунун жүрүшүндө катышуучуларга төмөнкү багыттар боюнча кеңири маалыматтар берилди:

Жогорку медайымдык билим берүү (Бакалавриат) жана медайымдык ишмердүүлүктү башкаруу;

Клиникалык психология, коомдук саламаттык сактоо жана фармация багыттары боюнча окууну улантуу мүмкүнчүлүктөрү;

КМШ өлкөлөрүнүн алдыңкы медициналык жогорку окуу жайлары (анын ичинде СибГМУ, ОрГМУ ж.б.) менен биргеликте аралыктан жана электрондук технологияларды колдонуу аркылуу жумуштан жана үй-бүлөдөн ажырабай билим алуу программалары;

Окуу акысын семестрлер боюнча бөлүп төлөөнүн ийкемдүү шарттары жана кабыл алуу эрежелери.

«Gaudeamus» борборунун өкүлдөрү студенттердин жана бүтүрүүчүлөрдүн суроолоруна жооп берип, ар бир катышуучуга окууга кирүүдөн баштап, куратордук көмөк көрсөтүүгө чейинки бардык этаптарда жекече коштоо кызматтары көрсөтүлөрүн баса белгилешти. Жолугушуунун катышуучулары иш-чара өз убагында уюштурулуп, келечектеги кесиптик пландарды туура түзүүгө чоң өбөлгө болгонун билдиришти.