1. Главная
  2. Колледжи
  3. Колледж иностранных языков
  4. Новости

5 часов назад

8

Кыргыз Республикасынын билим берүү кызматкерлеринин күнү Чет тилдер колледжинде жогорку деңгээлде белгиленди

Үстүбүздөгү жылдын 5-октябрь күнү Чет тилдер колледжинде кесиптик майрам — Кыргыз Республикасынын билим берүү кызматкерлеринин күнүнө арналган салтанаттуу иш-чара болуп өттү.

Иш-чаранын жүрүшүндө колледждин директору Б.М.Баймырзаева куттуктоо сөз сүйлөп, окуу жайдын өнүгүшүнө жана келечектүү адистерди даярдоого салым кошуп келе жаткан профессордук-окутуучулар курамына терең ыраазычылык билдирди. Майрамдык кече жаштар кеңеши жана таланттуу студенттер даярдаган чакан концерттик программа, ыр-бийлер жана кызыктуу оюндар менен коштолуп, катышуучуларга жагымдуу маанай тартуулады.

Бардык билим берүү кызматкерлерин кесиптик майрамы менен куттуктап, чың ден соолук, чыгармачылык ийгиликтерди жана кажымас кайрат каалайбыз!