1. Главная
  2. Колледжи
  3. Колледж иностранных языков
  4. Новости

1 месяц назад

32

Чет тилдер колледжинде квалификациялык практиканын жыйынтыктоочу конференциясы

2026-жылдын 22-май күнү Чет тилдер колледжинде 2025–2026-окуу жылындагы квалификациялык практиканын жыйынтыктоочу конференциясы өткөрүлдү. Конференциянын негизги максаты — студенттердин практика учурундагы жетишкендиктерин талдоо, тажрыйба алмашуу жана кесиптик даярдыктын жыйынтыгын чыгаруу болду.

Конференцияга практика жетекчилери:

Абдуллаева П., Эргешова Н., Абдусаматова А., Сыдыкова Ж., Абдиева Д., Женалиева З., Ташматова Н., Батыралиева Б., Сарыбаева А., Бакирова А., Кадырбек кызы Э., Фаизова Р., Баймырзаева Б., Калмаматова С., Борубаева А., Борубаева Г., Кулушова А., Момунова Ч., Залимбекова Ж., Мурзалиева М., Чжан Юньхао, Гао Шуанин, Султаналы кызы Н., Чан Чунхей катышышты.

Ошондой эле АТБ-2-23, АТК-02-24, АТК-03-24, АТК-2-23, АТК-3-23, АТК-4-23, АТК-5-23, АТК-6-23, КАТК-2-23, КАТК-3-23 тайпаларынын студенттери активдүү катышышты. Ар бир тайпадан экиден студент слайд-презентация аркылуу практика учурундагы аткарылган иштер боюнча кеңири отчетторун беришти. Студенттер өздөрүнүн алган тажрыйбалары, жетишкендиктери жана практика учурунда колдонулган окутуу ыкмалары тууралуу маалыматтарды сунушташты.

Конференцияга Б. Осмонов атындагы ЖАМУнун карьераны өнүктүрүү жана өндүрүштүк практиканы уюштуруу бөлүмүнүн башчысы Жолдошалиева Нурия Султановна катышып, студенттер тарабынан берилген отчетторго талдоо жүргүздү. Ал практиканын жыйынтыгы боюнча студенттердин жетишкендиктерин белгилеп, айрым кемчиликтерге токтолуп, келечекте көңүл бурула турган сунуштарын айтты.

Жыйынтыгында квалификациялык практиканы мыкты деңгээлде өтөгөн студенттер грамота менен сыйланышты. Ошондой эле практика учурунда студенттер менен үзүрлүү иш алып барган практика жетекчилерине да ыраазычылык билдирилип, грамота тапшырылды.

Конференция жогорку деңгээлде уюштурулуп, студенттер үчүн пайдалуу тажрыйба алмашуу аянтчасы болду. Иш-чараны Чет тилдер колледжинин практика жетекчилери Шаабаева Э. жана Бекназарова Б. уюштурушту.