1. Главная
  2. Колледжи
  3. Колледж иностранных языков
  4. Новости

2 месяца назад

89

“Биз кургак учукка каршыбыз”

Чет тилдер колледжинин АТк-02-24 тайпасы куратору Г.П. Маткасымова менен биргеликте “Биз туберкулёзго каршы” деген темада тарбиялык саат өткөрдү. Иш-чаранын негизги максаты — студенттердин саламаттык маданиятын жогорулатуу, кургак учук оорусунун алдын алуу жолдору тууралуу түшүндүрүү жана коомдо дени сак жашоого болгон жоопкерчиликти калыптандыруу болду.

Куратордук сааттын жүрүшүндө студенттер кургак учук тууралуу маалымат алышып, анын белгилери, жугуу жолдору жана алдын алуу чаралары боюнча презентация көрүштү. Ошондой эле суроо-жооп интерактивдүү бөлүгү уюштурулуп, студенттер активдүү катышышты.

Иш-чаранын жыйынтыгында катышуучулар ден соолукту сактоонун маанилүүлүгүн белгилеп, туберкулёздун алдын алууда ар бир жарандын жоопкерчилиги чоң экенин айтышты.