1. Главная
  2. Колледжи
  3. Жалал-Абадский колледж
  4. Новости

3 недели назад

22

Жалал-Абад колледжинде “Интернет эркиндиги жана жоопкерчилик” аталышында студенттер аралык дебат өткөрүлдү

КРнын Илим, жогорку билим берүү жана инновациялар министрлигинин №600, 23.03.2026-ж катынын негизинде Жалал-Абад колледжинин Жаштар кеңеши тарабынан “Интернет эркиндиги жана жоопкерчилик” аталышында кызыктуу студенттер аралык дебат болуп өттү. Иш-чарага ар түрдүү тайпалардан келген студенттер катышып, өз көз караштарын активдүү түрдө коргоп чыгышты.

Дебаттын жүрүшүндө катышуучулар интернеттеги сөз эркиндиги, маалымат коопсуздугу, жалган маалыматтардын таралышы жана колдонуучулардын жоопкерчилиги сыяктуу маанилүү темаларды талкуулашты. Айрым командалар интернет эркиндигин чектебөө керек экенин баса белгилешсе, башкалары жоопкерчилик менен көзөмөлдүн зарылдыгын жүйөлүү мисалдар аркылуу далилдешти.