1. Главная
  2. Колледжи
  3. Жалал-Абадский колледж
  4. Новости

2 месяца назад

84

ЖАКтын окутуучулары эмгектерин жаштар форумуна сунуштады

2025-жылдын 12-ноябрында Эл аралык жаштар күнү жана 17-ноябрь — Бүткүл дүйнөлүк студенттер күнүнө карата Жалал-Абад облустук Барпы атындагы кыргыз драма театрында ЖАМУнун жаштар форуму болуп өттү.

Форумга ЖАМУнун ректору Усенов К.Ж., директорлор жана чет элдик коноктор катышып, студенттер менен баарлашып, жаштарга шыктандыруучу сөздөрүн айтышты. Ошондой эле, иш-чаранын жүрүшүндө Президенттик стипендиялар ыйгарылып, эң мыкты студенттер сыйланышты.

Мода көрсөтүү бөлүгүндө окутуучулар: Шаимкулова Гульнаранын «Богиня Ирида» жана Акбаралиева Айлизанын «Айтумар» аттуу автордук коллекциялары сахнада сунушталды.

Иш-чаранын максаты — жаштарга туура багыт берүү, коомдук долбоорлор менен тааныштыруу жана жаштардын демилгелерин колдоо болду. Форумда студенттердин бүгүнкү көйгөйлөрү жана эртеңки өнүгүү жолдору талкууланды.