1. Главная
  2. Институты
  3. Медицинский институт
  4. Новости

4 дня назад

29

“Ж.Абдрахмановдун ишмердүүлүгү жана мурасы - кыргыз жаштары үчүн улуттук иденттүүлүктү сактоо жана өнүктүрүүдөгү маанилүү ролу”

Кыргыз Республикасынын Президентинин 2024-жылдын 24-июлундагы «Азыркы Кыргыз мамлекеттүүлүгүн түптөгөн аталар ((Абдыкерим Сыдыков, Иманалы Айдарбеков, Жусуп Абдрахманов, Абдыкадыр Орозбеков, Ишеналы Арабаев) жөнүндө» №205 Жарлыгын жана Жалал-Абад шаарынын мэриясынын №01-20/5582 катынын негизинде аталган Жарлыкты ишке ашыруу максатында “Ж.Абдырахмановдун ишмердүүлүгү жана мурасы - кыргыз жаштары үчүн улуттук иденттүүлүктү сактоо жана өнүктүрүүдө маанилүү ролу” деген темада лекция уюштурулду.

    Медициналык институттун гуманитардык дисциплиналар кафедрасы тарабынан уюштурулган иш-чаранын жүрүшүндө Ж.Абдрахмановдун өмүрү, ишердүүлүгү тууралуу видеотасма көрсөтүлүп, Ж.Абдрахмановдун “ Күндөлүгүнөн” таасирдүү  үзүндүлөр окулду.

    Филология илимдеринин доктору, профессор А.Эшиев Жусуп Абдрахмановдун Кыргыз мамлекеттүүлүгүн түптөөдө  жасаган иштери , олуттту кадамдары боюнча  маанилүү баяндама жасады.

   ЛДб-2-25 тайпасынын студенти Акмарал Акжигитова баяндамасында Ж.Абдрахмановдун ата-энеси, үй-бүлөсү, билимге болгон умтулуусу тууралуу маалымат берди.

 Жыйынтыгында, студенттер аталар басып өткөн жол, алардын эл, улут, мамлекет үчүн  жасаган ат көтөргүс эмгектери менен түйшүктөрү, аракети унутулбай, жаштарды умтулууга, изденүүгө дем-шык берерин белгилешти.

      Иш-чараны демилгелеген, уюштуруу маселелерине ар тараптуу көмөк көрсөткөндугү үчун диретордун тарбиялык иштер боюнча орун басары М.Акимовго кафедра жамааты тарабынан ыраазчылык билдирилди.