1. Главная
  2. Институты
  3. Педагогический институт им. Э.Уметова
  4. Кафедра: Физическая культура, спорт и допризывная подготовка
  5. Новости

20 часов назад

16

“Дене тарбия, спорт жана аскерге чейинки даярдык” кафедрасынын ДТмс-1-24 тайпасы илимий-изилдөө практиканын алдыдагы конференциясы

2025-жылдын 2-февралында ЖАМУнун Б. Осмонов атындагы Жалал-Абад мамлекеттик университетинин «Дене тарбия, спорт жана аскерге чейинки даярдык» кафедрасында магистранттардын негизги билим берүү программасын, илимий-изилдөө иштерин талкулоо жана илимий изилдөө практикага чыгуусуна байланыштуу практика алдындагы конференция өткөрүлдү. Конференцияга ДТмс-1-24 тайпасынын магистранттары толук курамда катышып, НББП программмасын талкулап жана ага толуктоолорду киргизүү боюнча сунуштарын айтып өтүштү, ошондой эле илимий изилдөө иштери боюнча, талкулашып өз ойлорун кошуп кетишти жана алдыдагы практиканын максаты, милдеттери, уюштурулушу жана отчеттук талаптары боюнча түшүндүрмө алышты. Иш-чаранын негизги максаты — магистранттарды практика программасы менен тааныштыруу, ар бир практиканын мазмунун жана күтүлүүчү жыйынтыктарын тактоо, ошондой эле иш кагаздарын туура жүргүзүү боюнча бирдиктүү талаптарды берүү болду. Конференцияга практика жетекчилери Кушбаков Акималы, Ташмаматов Тынчтык, кафедранын кызматкери Бакиров Асхат катышып, магистранттарга методикалык жардам көрсөтүштү жана практикалык иштерди аткаруунун тартибин түшүндүрүштү. Конференциянын жүрүшүндө сөз кафедранын башчысы Алиев Ильяс тарабынан берилди. Ал магистранттар үчүн өзгөчө маанилүү болгон илимий-изилдөө практикасы тууралуу кеңири маалымат берип, бул практиканын негизги өзөгү — изилдөөнүн темасын тактоо, актуалдуулугун негиздөө, максат-милдеттерин аныктоо, методдорду туура тандоо жана илимий материалдарды жыйноо экенин баса белгиледи. Ошондой эле ал илимий-изилдөө практикасынын жүрүшүндө магистранттар төмөнкү иштерге өзгөчө көңүл бурушу керектигин белгиледи: • темага байланышкан адабияттарды иргеп окуу жана анализ кылуу; • алынган маалыматтарды иштеп чыгуу, салыштыруу жана жыйынтык чыгаруу; • аралык жана акыркы отчетторду белгиленген график боюнча өз убагында тапшыруу. Андан соң практиканын кийинки түрү болгон “жол картасы” боюнча маалыматты практика жетекчиси Аззам уулу Гайназар айтып берди. Ал бул практиканын мазмуну магистранттарды реалдуу иш чөйрөсү менен жакындан тааныштыруу, мекеменин уюштуруу түзүмүн, иш тартибин, ички документ жүгүртүүсүн жана адистик милдеттердин аткарылышын байкоо аркылуу үйрөнүүгө багытталарын түшүндүрдү. Конференциянын соңунда практика жетекчилери магистранттарга практика өтүүдө тартип, жоопкерчилик жана өз алдынча иштөө негизги талап экенин эскертишти. Ошондой эле күндөлүк жүргүзүү, катышууну так белгилөө, индивидуалдык тапшырмаларды график боюнча аткаруу жана отчет жазууда академиялык талаптарды сактоо тууралуу практикалык кеңештер берилди. Магистранттар өздөрүн кызыктырган суроолорун берип, практика өтүү базасы, консультациялардын графиги жана баалоо критерийлери боюнча так маалымат алышты. Жыйынтыктап айтканда, 2025-жылдын 02-февралындагы негизги билим берүү программасын, илимий-изилдөө иштерин талкулоо жана практика алдындагы конференция ДТмс-1-24 тобунун магистранттары үчүн уюштуруучулук жактан маанилүү жана пайдалуу болду.