1. Главная
  2. Институты
  3. Институт филологии
  4. Кафедра: Русской филологии
  5. Новости

2 месяца назад

71

Орус тили жана адабияты сабагында окуучулардын билимин баалоо критерийлери темасында семинар өткөрүү

Б. Осмонов атындагы Жалал-Абад мамлекеттик университетинин орус филологиясы кафедрасынын окутуучусу Т.А. Сулейманова  2025-жылдын 17-ноябрында инновациялык мектепте «Орус тили жана адабияты сабагында окуучулардын билимин баалоо критерийлери» деген темада семинар өткөрдү.

Семинарга практиканттар,  орус тили жана адабияты мугалими (ЖАМУнун бүтүрүүчүсү)  - Кайратбек кызы Ж. катышышты.

Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети 2025-жылдын 14-мартындагы № 131 Кыргыз Республикасынын Жалпы билим берүүнүн Мамлекеттик билим берүү стандартын бекиткен. 5-глава баалоо системасына арналган. Баалоонун үч түрү колдонулат: диагностикалык, калыптандыруучу жана жыйынтыктоочу. Баалоонун ар бир түрү үчүн аныктамалар берилген. Мугалим ар бир баалоонун түрүн талкуулады.