1. Главная
  2. Факультеты
  3. Филологический факультет
  4. Кафедра: Немецкого и межфакультетских иностранных языков
  5. Новости

2 недели назад

93

Немец тили жана адабиятынын устаты, жогорку деңгээлдеги адис Гүлсара Арапбаева атындагы бурч

2025-жылдын 11-июнунда филология факультети немец тили  жана факультетер аралык чет тили кафедрасы  үчүн маанилүү окуя болуп өттү, себеби Гүлсара Арапбаева атындагы бурчтун расмий ачылышы болду. Бул бурч Г.Арапбаеванын инсандык өзгөчөлүктөрүн, студенттерге билим берүүдө кошкон зор салымын эскерүүгө жана келечек муундарга үлгү катары көрсөтүүгө арналган.

Бурчтун ачылыш аземи кафедра жамааты жана Г.М.Арапбаеванын туугандарынын демилгелери менен уюштурулуп, окуу жайдын жетекчилери жана студенттери, кесиптештери жана коноктор катышышты. Бурчта Гүлсара Арапбаеванын өмүр жолун, эмгек тарыхын, коомдогу ордун чагылдырган сүрөттөр, материалдар жана немец тили адистигинде окуп жаткан студенттер үчүн окуу китептери жайгаштырылды. Ошондой эле, бул бурч студент жаштарга патриоттук тарбия берүү жана немец тилине, билимге жана китепке болгон кызыгууларын ойготот.

Г.Арапбаева атындагы бурч студенттерге мүмкүнчүлүктөрдүн эшигин ачып, чет тилдерин үйрөнүүдө, илимге жана адабиятка умтулууда чоң таяныч борбору болуп берет деген ишеничтебиз.