1. Главная
  2. Колледжи
  3. Педагогический колледж
  4. Новости

1 день назад

11

"Кыргыз жараны деп өзүн таанууну аң-сезимдүү түшүнүүнү калыптандыруу" 

2025-жылдын 10-декабрында Педагогикалык колледждин ЖББ ПЦКсынын тарыхчылары тарабынан "Кыргыз жараны деп өзүн таанууну аң-сезимдүү түшүнүүнү калыптандыруу" деген маанилүү темада илимий-методикалык иш чара уюштурулду. Иш-чаранын негизги максаты — студенттерге өзүн кыргыз жараны катары туура түшүнүүнү, патриоттук рухту жогорулатуу жана жарандык милдеттерди аң-сезимдүү кабыл алууну калыптандыруу болуп саналат.

Иш-чаранын алкагында тарыхчылар кыргыз элинин тарыхый жолун, салт-санаасын, маданиятын жана улуттук баалуулуктарын кенен талкуулашты. Мындан тышкары, кыргыз жаранынын укуктары менен милдеттери, жарандык жоопкерчилиги жөнүндө илимий негизде маалымат берилди. Бул тема студенттердин улутка болгон сый-урматынын, өздүк таанымынын жана патриоттук сезиминин өнүгүшүнө шарт түздү.

Иш-чарага катышкан студенттер активдүү катышып, суроолорду берип, өз көз караштарын билдиришти. Мындай иш-чаралар жаштардын патриоттук аң-сезимин калыптандырууда жана мекенчилдик рухун жогорулатууда маанилүү ролду ойнойт.

Педагогикалык колледждин жетекчилиги аталган иш-чаралардын улантылышын колдоп, тарыхчыларга терең ыраазычылыгын билдирди