1. Главная
  2. Институты
  3. Институт филологии
  4. Кафедра: Английского языка и литературы
  5. Новости

1 день назад

21

Кино жана мультфильмдер дүйнөсү англис тили сабагында

ЧТк2-23 тайпасынын студенти Молдобаева Айдай кесиптик профильдик практикасында  Манас шаарындагы №21 Ж.Болотов  орто мектебинин  9-«В» классынын окуучулары үчүн англис тилинен «Movies and Cartoon Time» темасында ачык сабак өттү.

Сабактын жүрүшүндө практикант  видео материалдарды колдонуу менен окуучулардын тема боюнча түшүнүгүн текшерип, алган билимдерин бышыктады. Ошондой эле англис тилин үйрөнүүгө болгон кызыгуусун арттыруу максатында ар кандай кызыктуу оюндарды жана интерактивдүү тапшырмаларды уюштурду. Сабак кызыктуу жана жагымдуу маанайда өттү. Окуучулар тапшырмаларга активдүү катышып, өз билимдерин көрсөтө алышты.Ачык сабакка англис тили жана адабияты кафедрасынын доцентти Орозбаева Г.А. катышып, сабактарга талдоо жүргүздү жана студентке кесиптик-педагогикалык көндүмдөрүн өркүндөтүү боюнча усулдук сунуштарын берди.

Ачык сабак практикант  үчүн алган теориялык билимдерин практика жүзүндө колдонууга жана баалуу педагогикалык тажрыйба топтоого жакшы мүмкүнчүлүк болду.