1. Главная
  2. Институты
  3. Педагогический институт им. Э.Уметова
  4. Кафедра: Физики и информатики
  5. Новости

3 часа назад

25

«Ар кандай мүмкүнчүлүк — тең укук» аттуу темада тарбиялык куратордук саат өткөрүлдү

Э. Уметов атындагы педагогикалык институтунун Физика жана информатика кафедрасынын ФММБ (И)-1-23 тайпасынын студенттери тарабынан «Ар кандай мүмкүнчүлүк — тең укук» деген темада тарбиялык видеоролик даярдалып, куратордук саат өткөрүлдү.Иш-чаранын негизги максаты — студенттер арасында тең укуктуулук, адам укуктарын урматтоо, бири-бирин сыйлоо жана коомдо ар бир адамга бирдей мүмкүнчүлүк түзүү түшүнүктөрүн калыптандыруу болду. Куратордук сааттын жүрүшүндө ар бир адамдын коомдогу орду, мүмкүнчүлүгү чектелген адамдарга колдоо көрсөтүү, басмырлоого жол бербөө жана баарына бирдей мамиле жасоо тууралуу пикир алмашуулар болду. Даярдалган видеоролик аркылуу студенттер тең укуктуулуктун маанисин чагылдырып, ар бир адам урмат-сыйга жана бирдей мүмкүнчүлүккө татыктуу экенин белгилешти. Иш-чаранын соңунда студенттер адамгерчиликке, боорукерликке, түшүнүүгө жана бири-бирине колдоо көрсөтүүгө чакырган маанилүү ойлор менен бөлүшүштү. «Ар бир адам баалуу, ар бир адамдын укугу бирдей! Ар кандай мүмкүнчүлүк — тең укук!»