1. Главная
  2. Институты
  3. Педагогический институт им. Э.Уметова
  4. Кафедра: Математика и математическое моделирование
  5. Новости

2 месяца назад

92

КЕСИПТИК-ПРОФИЛДИК ПРАКТИКАНЫН ЖЫЙЫНТЫГЫ: СТУДЕНТТЕР ИЛИМИЙ ИШТЕРИН БАЯНДАШТЫ

2025-жылдын 14-ноябрында “Б. Осмонов атындагы Жалал-Абад мамлекеттик университети” илимий-билим берүү өндүрүштүк комплексинин Э. Уметов атындагы Педагогикалык институтунда кесиптик-профилдик практиканын жыйынтыгы боюнча илимий баяндамалар угулду. Иш-чаранын негизги максаты — студент-практиканттардын окуу процессинде кезигишкен көйгөйлөрдү чечүүгө багытталган илимий ишмердүүлүгүн баалоо болду. Практиканын жүрүшү: 29-сентябрдан 1-ноябрга чейин 550200 «Физика-математикалык билим берүү» багытынын (математика профили) ФМББ(М)-1-22 тайпасынын студенттери кесиптик-профилдик практиканы ийгиликтүү өтөп келишкен. Студенттерге практика мезгилинде аткарылуучу иш-аракеттердин жол картасында окуу процессиндеги көйгөйлөрдү байкоо жана аларды чечүү кадамдарын практика жетекчисинин көзөмөлү менен аткаруу милдеттендирилген. Бул жумуш ордунда илимий ишмердүүлүктү жүргүзүү аркылуу кесиптик окутууну ишке ашырууга багытталган. Негизги баяндамалардын тематикасы: Студенттер практика учурунда өздөрү кезигишкен көйгөйлөрдү жана аларды чечүү жолдорун баяндап, жүргүзгөн эксперименттеринин жыйынтыктары менен бөлүшүштү. Алар төмөнкүдөй актуалдуу жана инновациялык темалар боюнча баяндамаларды жасашты: • Сабакты пландоо жана окуучулардын сабакка көңүлүн бурдуруу/кызыктыруу маселелери.                                      • STEM технологиясына негизделген окутууну ишке ашыруунун методикалык өзгөчөлүктөрү.  • Дифференцирленген тапшырмаларды сабакка колдонуунун артыкчылыктары жана анын натыйжалуулугу. Иш-чаранын жыйынтыгы студенттердин практикалык иш менен теориялык илимий изилдөөнү айкалыштыра билүү деңгээли жогору экендигин көрсөттү.