1. Главная
  2. Медиацентр
  3. Объявления

9 часов назад

9

2026/2027-о.ж. профессордук-окутуучулук курамдын бош кызмат орундарын ээлөөгө ЖАМУ КОНКУРС ЖАРЫЯЛАЙТ

Бош кызмат орундары жана түзумдүк бөлүмдөрү

Кафедранын профессору

Кафедранындоценти

Кафедранынулук окутуучусу

Кафедранынокутуучу / ассистенти

Э.Уметов атындагы педагогикалык институтунун

Тарых кафедрасы

Математика жана математикалык моделдештирүү кафедрасы

Физика жана информатика кафедрасы

Педагогика, психология жана окутуунун технологиялары кафедрасы

Табигый-илимий билим берүү кафедрасы

Дене тарбия, спорт жана аскерге чейинки даярдык кафедрасы

Филология институтунун

Англис тили жана адабият кафедрасы

Кыргыз тили жана адабияты кафедрасы

Маданияттар аралык байланыш жана лингвистика кафедрасы

Немец тили жана факультеттер аралык чет тили кафедрасы

Орус филология кафедрасы

Медициналык институтунун профессордук-окутуучулук курамына, квалификациялык талаптар

Анатомия жана физиология кафедрасына:

Анатомиялык дисциплиналар блогу үчүн

Адамдын анатомиясы, топографиялык анатомия жана оперативдик хирургия, патологиялык анатомия Патологиялык анатомия (дарыгер-патологоанатом)

Соттук-медициналык экспертиза (соттук-медициналык эксперт дарыгер)

Хирургия (же тар хирургиялык профилдер: травматология, нейрохирургия, урология)

Адамдын анатомиясы — клиникалык кабыл алуусу жок, түз эле аспирантура аркылуу алынган академиялык адистик.

2. Физиологиялык дисциплиналар блогу үчүн

Терапия (жалпы практикадагы дарыгер-терапевт)

Кардиология же Неврология

Анестезиология жана реаниматология

Клиникалык лабораториялык диагностика

Физиология / Патологиялык физиология

Медико-биологиялык дисциплиналар кафедрасына:

Бактериология / Вирусология (дарыгер-бактериолог же вирусолог)

Инфекциялык оорулар (дарыгер-инфекционист)

Эпидемиология (дарыгер-эпидемиолог)

«Микробиология» же «Иммунология» багыты.

2. Гистология, цитология жана эмбриология блогу үчүн

Патологиялык анатомия (дарыгер-патологоанатом)

Соттук-медициналык экспертиза

«Клеткалык биология, цитология, гистология» багыты.

3. Медициналык биохимия блогу үчүн

Клиникалык лабораториялык диагностика (лабораториялык дарыгер)

Түз академиялык багыт: Дарылоо ишин бүткөндөн кийин «Биохимия» же «Молекулярдык биология» багыты боюнча магистратура же аспирантура.

4. Медициналык биология жана генетика блогу үчүн

«Генетика»

«Медициналык биология»

Госпиталдык терапия кафедрасына:

Терапия (дарыгер-терапевт)

Кардиология (дарыгер-кардиолог)

Пульмонология (дарыгер-пульмонолог)

Гастроэнтерология (дарыгер-гастроэнтеролог)

Ревматология (дарыгер-ревматолог)

Нефрология (дарыгер-нефролог)

Эндокринология (дарыгер-эндокринолог)

Жалпы хирургия кафедрасына:

Хирургия (жалпы хирург дарыгер)

Абдоминалдык хирургия

Торакалдык хирургия

Камбустология (күйүк хирургиясы)

Ангиохирургия (кан тамыр хирургиясы)

Хирургия жана травматология кафедрасына:

Травматология жана ортопедия (дарыгер травматолог-ортопед)

Хирургия / Жалпы хирургия (дарыгер-хирург)

Нейрохирургия

Урология

Комбустология

Коомдук саламаттыкты сактоо кафедрасына:

Эпидемиология (дарыгер-эпидемиолог)

Коомдук саламаттыкты сактоо жана саламаттыкты сактоону уюштуруу (Организация здравоохранения и общественное здоровье)

Коммуналдык, эмгек же тамактануу гигиенасы (дарыгер-гигиенист)

Үй-бүлөлүк медицина / Жалпы практикалык дарыгер

Коомдук саламаттыкты сактоо боюнча магистр (MPH — Master of Public Health)

Ички оорулар пропедевтикасы жана үй-бүлөлүк медицина кафедрасына:

Үй-бүлөлүк медицина / Жалпы практикалык дарыгер

Терапия (дарыгер-терапевт)

Кардиология

Пульмонология

Гастроэнтерология

Акушердик жана педиатрия кафедрасына:

Акушерлик жана гинекология (дарыгер акушер-гинеколог)

Педиатрия (дарыгер-педиатр)

Неонатология (дарыгер-неонатолог)

Балдар хирургиясы же Балдар инфекциялык оорулары

Клиникалык дисциплиналар кафедрасына:

Неврология жана нейрохирургия (дарыгер-невролог)

Психиатрия жана наркология (дарыгер-психиатр / нарколог)

Дерматовенерология (дарыгер-дерматовенеролог)

Оториноларингология (ЛОР дарыгер)

Офтальмология (дарыгер-офтальмолог / көз дарыгери)

Инфекциялык оорулар жана эпидемиология (дарыгер-инфекционист)

Терапия / Жалпы практикалык дарыгер

Фармация кафедрасына:

«Фармация» (квалификациясы: Провизор / Фармацевт ж.у.с.).

«Химия» (химия, биохимия же органикалык химия багыты боюнча диплом) же «Биология» (ботаника же өсүмдүктөрдүн физиологиясы профили менен).

Экономика жана укук институтунун

Кылмыш жаза укуктук дисциплиналар кафедрасы

Жарандык укук жана адвокатура кафедрасы

Экономика, эсеп жана каржы кафедрасы

Философия жана гуманитардык илимдер кафедрасы

Агрардык-техникалык институтунун

Башкаруунун автоматташтырылган системасы кафедрасы

Ветеринардык медицина кафедрасы

Электрэнергетикасы жана механика кафедрасы

Колледждин окутуучусу

Жалал-Абад колледжи

Автоматташтырылган системалар жана математика ПЦКсы

Энергетика жана өзгөчө кырдаалдарда коргонуу ПЦКсы

Техника ПЦКсы

Ветеринария ПЦКсы

Жалпы билим берүү ПЦКсы

Тигүү буюмдарын конструкциялоо ПЦКсы

Чет тилдер колледжи

Чет тилдер ПЦКсы

Жалпы билим беруу ПЦКсы

Медициналык колледжинин «Дарылоо иши» жана «Акушердик иш» адистиктери, талаптар:

Клиникалык предметтердин окутуучулары үчүн (ички оорулар, хирургия, акушердик, гинекология, педиатрия, реаниматология):

Жогорку медициналык билим («Дарылоо иши» же «Педиатрия» багыттары боюнча адис диплому).

Окутула турган предметтин профили боюнча интернатурадан/клиникалык ординатурадан өткөндүгү тууралуу документ.

Иштеп жаткан адистин сертификаты.

Атайын манипуляциялык жана медайымдык иш предметтеринин окутуучулары үчүн:

«Медайымдык иш» багыты боюнча жогорку медициналык билими бар адистер (академиялык бакалавриат/магистратура) же педагогикалык билими бар, жогорку категориядагы тажрыйбалуу фельдшерлер/акушерлер кабыл алынат.

«Фармация» адистиги боюнча талаптар:

Негизги фармацевтикалык предметтердин окутуучулары үчүн (фармакогнозия, фармацевтикалык химия, дарылардын технологиясы, фармацияны уюштуруу жана экономикасы):

Жогорку фармацевтикалык билим («Фармация» багыты боюнча провизор диплому).

Профиль боюнча интернатурадан же баштапкы адистештирүүдөн өткөндүгү тууралуу документ.

Иштеп жаткан провизордун сертификаты.

Фармакология жана клиникалык фармакология окутуучулары үчүн:

Жогорку фармацевтикалык (провизор) же жогорку медициналык («Дарылоо иши», «Педиатрия» багыттары боюнча дарыгер) билими.

Лабораториялык жана практикалык сабактардын окутуучулары үчүн:

Жогорку категориядагы, фармацевтика тармагында чоң тажрыйбасы бар жана педагогикалык багытта кайра даярдоодон өткөн фармацевттер (орто кесиптик билимдүү адистер) да кабыл алынышы мүмкүн.

«МЕДАЙЫМДЫК ИШ» АДИСТИГИ БОЮНЧА ТАЛАПТАР

Негизги медайымдык предметтердин окутуучулары үчүн (Медайымдык иштин негиздери, бейтаптарды багуу, терапиядагы, хирургиядагы, педиатриядагы медайымдык иш):

Жогорку медициналык билим: «Медайымдык иштин менеджери» же «Жогорку билимдүү медайым» (бакалавриат/магистратура) багыты боюнча диплом.

Же «Дарылоо иши» же «Педиатрия» багыты боюнча жогорку медициналык билим (дарыгер) жана тиешелүү клиникалык ординатура/интернатура.

Иштеп жаткан адистин сертификаты.

Клиникалык тажрыйбалык сабактардын окутуучулары үчүн:

Жогорку категориядагы, практикалык саламаттык сактоодо (ооруканаларда/бейтапканаларда) чоң стажы бар жана педагогикалык кайра даярдоодон өткөн тажрыйбалуу медайымдар (орто кесиптик билимдүү адистер) да кабыл алынышы мүмкүн.

«ОРТОПЕДИЯЛЫК СТОМАТОЛОГИЯ» АДИСТИГИ БОЮНЧА ТАЛАПТАР

Атайын ортопедиялык предметтердин окутуучулары үчүн (Тиш протездерин даярдоо технологиясы, ортодонтиялык аппараттарды даярдоо, материал таануу):

Жогорку медициналык билим: «Стоматология» адистиги боюнча жогорку билим (дарыгер-стоматолог диплому) жана «Ортопедиялык стоматология» багыты боюнча ординатура/интернатура.

Же «Ортопедиялык стоматология» адистиги боюнча орто кесиптик билим (тиш техниги диплому) жана жогорку категория, ошондой эле педагогикалык багытта кайра даярдоо сертификаты.

Экономика жана укук колледжи

Экономика ПЦКсы

Укук таануу ПЦКсы

Социалдык иш ПЦКсы

Педагогикалык колледжи

Башталгыч класстын мугалими жана кыргыз тили ПЦКсы

Дене тарбия ПЦКсы

Жалпы билим берүү ПЦКсы

Мектепке чейинки билим берүү ПЦКсы

Таш-Көмүр колледжи

Жалпы билим берүү ПЦКсы

Катышуучуларга коюлуучу квалификациялык талаптар

Профессор кызмат ордуна: илимдин доктору окумуштуулук даражасы (же профессор наамы бар болсо илимдин кандидаты), илимий-педагогикалык иш стажы 10 жылдан кем эмес, илимий эмгектеринин, акыркы 3 жылда Scopus/Web of Science базаларында макалаларынын болушу.

Доцент кызмат ордуна: илимдин кандидаты/доктору окумуштуулук даражасы, доцент окумуштуулук наамы, илимий-педагогикалык иш стажы 5 жылдан кем эмес, окуу-усулдук куралдары жана илимий макалаларынын болушу.

Улук окутуучу кызмат ордуна: жогорку кесиптик билими, педагогикалык иш стажы 3 жылдан кем эмес (илимий даражасы болгон учурда стажына талап коюлбайт), илимий макалаларынын болушу.

Окутуучу кызмат ордуна: кафедранын багыты боюнча жогорку кесиптик билими (магистр же адис), иш стажына талап коюлбайт, илимий-изилдөө иштерине жөндөмдүүлүгү.

Колледждин окутуучукызмат ордуна: ПЦКнын багыты, адистик боюнча жогорку, (өзгөчө иретинде орто) кесиптик билими, иш стажы 1 жылдан кем эмес, педагогикалык, илимий-изилдөө иштерине жөндөмдүүлүгү.

Сынакка катышуу үчүн төмөнкү иш кагаздарды 1 ай ичинде ЖАМУнун конкурстук комиссиясынын катчысы кабыл алат:

Конкурска катышуу үчүн төмөндөгү документтер тапшырылат:

- ректордун наамына жазылган арыз;

- адистерди каттоо боюнча толтурулган баракча сүрөтү менен;

- резюме, мүнөздөмө, мурдагы иштеген жеринен жолдомо;

- белгиленген форма боюнча жарык көргөн илимий эмгектердин жана ойлоп табуулардын, ошондой эле окуу-методикалык куралдардын тизмеси;

- соттолбогондугу жөнүндө тактама;

- чет элдик тайпаларга сабак берүү үчүн англис же башка керектелүүчү чет тилин билгендиги жөнүндөгү тиешелүү документ (англис тили үчүн “В”-деңгээлден төмөн эмес болуусу шарт), чет тили окутуучунун эне тили болгон учурлардан тышкары;

- төмөнкү документтердин көчүрмөсү: билими, окумуштуулук наамы жана даражасы, квалификациясын жогорулатуу жөнүндө, эмгек китепчесинин, сыйлыктарынын күбөлүктөрү жана башка документтердин көчүрмөсү, алар нотариустан же иштеген жеринин кадрлар кызматы тарабынан күбөлөндүрүлүшү керек.

Дареги: Жалал-Абад шаары, Р.Азимов-49, ЖАМУ.