ИЛИМИЙ-БИЛИМ БЕРҮҮ КОМПЛЕКСИ профессордук-окутуучулук курамынын бош кызмат орундарына конкурс жарыялайт
- Профессордун бош кызмат ордуна профессор наамы же илимдин доктору даражасы бар тиешелүү квалификациядагы адистер
- Доценттин бош кызмат ордуна доцент наамы бар же илимдин кандидаты даражасы бар тиешелүү квалификациядагы адистер
- Улук окутуучунун бош кызмат ордуна илимдин кандидаты даражасы бар же жогорку билимдуу, илимий-педагогикалык тажрыйбасы бар тиешелүү квалификациядагы адистер
- Окутуучунун, окутуучу ассистенттин бош кызмат ордуна илимдин кандидаты даражасы бар же жогорку билимдуу, жогорку окуу жайында 1 жылдан кем эмес илимий-педагогикалык тажрыйбасы бар тиешелүү квалификациядагы адистер
Сынакка катышуу үчүн төмөнкү иш кагаздарды 1 ай ичинде ЖАМУнун конкурстук комиссиясынын катчысы кабыл алат:
Конкурска катышуу үчүн төмөндөгү документтер тапшырылат:
- ректордун наамына жазылган арыз;
- адистерди каттоо боюнча толтурулган баракча сүрөтү менен;
- резюме, мүнөздөмө, мурдагы иштеген жеринен жолдомо;
- белгиленген форма боюнча жарык көргөн илимий эмгектердин жана ойлоп табуулардын, ошондой эле окуу-методикалык куралдардын тизмеси;
- соттолбогондугу жөнүндө тактама;
- чет элдик тайпаларга сабак берүү үчүн англис же башка керектелүүчү чет тилин билгендиги жөнүндөгү тиешелүү документ (англис тили үчүн “В”-деңгээлден төмөн эмес болуусу шарт), чет тили окутуучунун эне тили болгон учурлардан тышкары;
- төмөнкү документтердин көчүрмөсү: билими, окумуштуулук наамы жана даражасы, квалификациясын жогорулатуу жөнүндө, эмгек китепчесинин, сыйлыктарынын күбөлүктөрү жана башка документтердин көчүрмөсү, алар нотариустан же иштеген жеринин кадрлар кызматы тарабынан күбөлөндүрүлүшү керек.
Дареги: Жалал-Абад шаары, Р.Азимов-49, ЖАМУ.