1. Главная
  2. Научно - исследовательские институты
  3. Научно-исследовательский институт фундаментальных, прикладных исследований и инновационных технологий
  4. Новости

7 часов назад

9

ЖАМУнун Экономика жана укук институтунда мекен коргоочуларды эскерүүгө арналган куратордук саат өтүлдү

ЖАМУнун Экономика жана укук институтунда 1-курстун Юк-3-26 тайпасынын студенттери менен биргеликте куратордук саат өткөрүлдү. Бул иш-чара 26-октябрь — 1999–2000-жылдардагы Баткен окуяларында курман болгон аскер кызматчыларын жана мекен коргоочуларын эскерүү күнүнө карата уюштурулду.

Иш-чаранын башкы максаты — жаш муундарды жарандык-патриоттук аң-сезимге тарбиялоо, тарыхый эстутумду сактоо жана Кыргыз Республикасынын аймактык бүтүндүгү менен эгемендүүлүгү үчүн жанын аябай күрөшкөн баатырлардын эрдигине таазим этүү.

Куратордук сааттын алкагында студенттерге Баткен окуяларынын тарыхый өбөлгөлөрү жана хронологиясы тууралуу кеңири маалымат берилди. Юк-3-26 тайпасынын студенттери эл аралык терроризмдин оор соккусун биринчилерден болуп тоскон Баткендин жоокерлеринин көрсөткөн эрдиги жана тайманбастыгы Мекенге болгон чыныгы берилгендиктин үлгүсү экенин өзгөчө белгилешти.

Студенттер жана куратор курман болгон баатырларды бир мүнөттүк унчукпай туруу менен эскеришти. Иш-чаранын катышуучулары биздин жергебиздеги тынчтыкты сактоо жана Баткен окуяларынын ардагерлерине сый-урмат көрсөтүү ар бир жарандын ыйык милдети экенин белгилеп өтүштү.

Биздин бейпил асманыбызды коргогон баатырларга түбөлүктүү даңк!