1. Главная
  2. Научно - исследовательские институты
  3. Научно-исследовательский институт фундаментальных, прикладных исследований и инновационных технологий
  4. Новости

2 месяца назад

74

«Теориядан практикага: Техника ПЦК студенттери өндүрүштүк чөйрөгө жол тартты»

ЖАМУнун Жалал-Абад колледжинин Техника ПЦКсынын ТОиРАТк-2-23 жана ТЭМк-2-23 тайпалары үчүн өндүрүштүк практикага жөнөтүү конференциясы өткөрүлдү. Иш-чаранын жүрүшүндө студенттерге практиканын максаты, милдеттери жана коопсуздук эрежелери түшүндүрүлүп, иш берүүчү мекемелер боюнча маалымат берилди. Конференцияда окутуучулар студенттерге өндүрүштүк тажрыйбаны сапаттуу өтүү, мекеме кызматкерлери менен өз ара мамилени түзүү жана отчеттук материалдарды так жүргүзүү боюнча көрсөтмөлөрдү беришти. Иш-чаранын жыйынтыгында студенттер практика алдында даярдыгын билдирип, алган теориялык билимдерин өндүрүштө бекемдөө мүмкүнчүлүгүнө ээ болушту.