1. Главная
  2. Колледжи
  3. Колледж экономики и права
  4. ПЦК Экономика
  5. Новости

4 часа назад

21

«Экономика жана укук колледжинде окутуучулар үчүн усулдук мастер-класстар өткөрүлдү»

2026-жылдын 17-ноябрында Экономика жана укук колледжинде окутуучулардын кесиптик компетенттүүлүгүн жогорулатуу максатында «Мамлекеттик билим берүү стандарты» жана «Студенттердин билимин баалоо критерийлери» темаларында мастер-класстар өткөрүлдү.

Мастер-класстардын баяндамачылары Орозова «Мамлекеттик билим берүү стандарты» жана Мамашова А.А. «Студенттердин билимин баалоо критерийлери» темаларында маалымат беришти.

Мастер-класстарда мамлекеттик билим берүү стандартынын негизги талаптары, баалоонун принциптери, критерийлерди жана дескрипторлорду түзүү жолдору каралды. Практикалык тапшырмалар аткарылып, окутуучулар арасында тажрыйба алмашуу жана пикир алышуу уюштурулду.

Иш-чаранын жыйынтыгында окутуучулардын усулдук билимин өркүндөтүү жана студенттердин билимин объективдүү, адилеттүү баалоо боюнча түшүнүктөрүн тереңдетүү көздөлдү.