1. Башкы бет
  2. Колледждер
  3. Экономика жана укук колледжи
  4. Жаңылыктар

17 часов назад

13

ЭУКтун окутуучулары ОшМУдагы эл аралык илимий-практикалык конференцияга катышты

8-апрелде Ош мамлекеттик университетинин Кыргыз-Кытай факультетинде «Азыркы чакырыктардын контекстиндеги социалдык-гуманитардык илимдердин актуалдуу маселелери» аттуу эл аралык илимий-практикалык конференция өткөрүлдү. Иш-чара философия илимдеринин доктору, академик Осмон Тогусаковдун жаркын элесине арналды. Ачылыш аземинде анын илимий мурасы, ошондой эле социалдык-гуманитардык илимдердин азыркы глобалдык чакырыктар шартындагы ролу кеңири талкууланды.

Эл аралык конференцияга экономика жана укук колледжинин окутуучулары Н. Айылчиева жана Карим кызы Лунара катышып, илимий макалалары менен баяндама жасашты. Конференциянын жыйынтыгында алар 1-даражадагы дипломдорго жана сертификаттарга татыктуу болушту.

Иш-чаранын соңунда атайын резолюция кабыл алынып, Осмон Тогусаковдун илимий мурасын изилдөөнү улантуу, жаш окумуштууларды колдоо жана социалдык философия багытындагы изилдөөлөрдү өнүктүрүү зарылдыгы белгиленди. Ошондой эле «Тогусаков окуулары» аттуу туруктуу илимий аянтчаны түзүү демилгеси көтөрүлдү.