1. Башкы бет
  2. Институттар
  3. Экономика жана укук институту
  4. Жаңылыктар

18 часов назад

9

1

“Мамлекеттик коррупцияга каршы саясат”

Туруктуу өнүгүү боюнча БУУнун Глобалдык келишиминин алкагындагы «Сапаттуу билим берүү» принциптерине ылайык жана мамлекеттик жарандык жана муниципалдык кызматкерлерди окутуу боюнча Мамлекеттик заказды ишке ашыруу максатында мамлекеттик жана муниципалдык кызматкерлер үчүн  2026-жылдын 6-апрелден 10-апрелге чейин “Мамлекеттик коррупцияга каршы саясат” аттуу темада ю.и.к., доцент Н. Нарматов жана окутуучу-тренер З. Амиракулова тарабынан өткөрүлдү.

Курстун жүрүшүндө катышуучуларга коррупциянын маңызы, себептери жана негизги түрлөрү тууралуу кеңири маалымат берилди. Айрыкча пара алуу жана берүү, кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу, кызыкчылыктардын кагылышуусу сыяктуу көрүнүштөргө өзгөчө көңүл бурулду.

Ошондой эле коррупциянын алдын алуу жана бөгөт коюу чаралары кеңири талкууланды. Алардын катарына мамлекеттик кызматта ачык-айкындуулукту камсыз кылуу, электрондук башкарууну өнүктүрүү, ички көзөмөл механизмдерин күчөтүү, кызматкерлердин этикалык жүрүм-турумун жакшыртуу жана коомдук көзөмөлдү жогорулатуу кирет.

Курс учурунда Кыргыз Республикасындагы коррупцияга каршы аракеттенүүнүн мыйзамдык негиздери да каралды. Катышуучуларга тиешелүү мыйзамдар, мамлекеттик кызматкерлердин этика кодекстери жана жоопкерчилик чаралары боюнча маалымат берилди. Мындан тышкары, өлкөдө ишке ашырылып жаткан коррупцияга каршы мамлекеттик саясаттын негизги багыттары жана стратегиялык пландары тууралуу түшүндүрмө берилди.

Окутуу интерактивдүү форматта өтүп, катышуучулар практикалык мисалдарды талдап, өз тажрыйбалары менен бөлүшүштү. Талкуунун жүрүшүндө коррупциялык көрүнүштөрдү азайтуу боюнча сунуштар айтылып, кызматкерлердин жоопкерчилигин жогорулатуу маселеси көтөрүлдү.

Жыйынтыгында, мындай окуу курстары мамлекеттик жана муниципалдык кызматкерлердин укуктук сабаттуулугун жогорулатууга, коррупцияга каршы туруктуу көз карашты калыптандырууга жана адилет, ачык коомду түзүүгө өбөлгө түзөрү белгиленди.